Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан улам төрт киши каза тапты


Бишкек-Ош жолунун 212-270-чакырымында жол кырсыгы болуп, андан төрт киши каза тапты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыкка «Mercedes-Benz» менен «Honda Accord» унаалар кабылган. Mercedes унаасынын айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеге чыгып кеткен. Машинанын ичинде болгон төрт киши каза тапты. «Honda Accord» унаасындагы эки адам жабыркаган. Аларга, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жардам көрсөтүп, жакын жердеги медициналык борборго жеткиришкен. Булак: Govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу