Бишкектин тургуну үйлөнүү үлпөт тойдо бийлеп жатып жан берди…

Бишкек шаарынын тургуну Караколго тойго конокко барып бийлеп жаткан бий аянтчасынан жан берди. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгууда.

Маалыматга таянсак, тойдогу антракт учурунда анын кан басымы жогорулап кеткен. Ал бийлеп жаткан жерден эсин жоготуп кулаган.

Жакындары ооруканага алып келгенде баары кеч болуп калган.

Ошол эле түнү анын жакындары маркумдун сөөгүн Бишкек шаарына алып келишкен. Аталган үйлөнүү үлпөт  той 2-декабрда болуп өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу