Бишкектин айрым көчөлөрүндө бир жумага газ өчөт

15-марттан 22-мартка чейин Буурдинская көчөсүнүн Темиров, Мессарош жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишкен жерлеринде газ жок болот.

Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө бир жумага оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы өчүрүлүлөт. Бул тууралуу «Газпром» ишканасы билдирет.

Маалыматка караганда, 15-марттан 22-мартка чейин Буурдинская көчөсүнүн Темиров, Месарош жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ жок болот. Мындан улам жаратылыш газы убактылуу 308 абонентке берилбейт.

Көгүлтүр от газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Булак:  Sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу