Бишкекте өтө турган ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын программасы жана андагы маданий иш-чаралардын планы талкууланды

22-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун төрагалыгы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйынын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин III отуруму болду. Отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган Өкмөт өкүлдөрү жана бир катар мекеме жетекчилери катышты.  Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында үч маселе каралып, алгач II отурумда берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча тиешелүү мекемелердин маалыматы угулду. Тагыраагы, ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын уюштурууга түзүлгөн шарт-жагдай, коопсуздук маселелери, катышуучуларга таратылуучу материалдардын үлгүлөрү жана иш-чараны чагылдыруу тартиби боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер айтылды.

Төрага Дастанбек Жумабеков иш-чаранын алкагында аймактагы коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайлар кеңири талкууга алынарын эске салып: “Борбор Азия жана ага чектеш өлкөлөрдүн коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогун жакшыртуу маселесине арналган ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени, аталган жыйын аймактагы коопсуздукту сактоо боюнча парламенттер аралык кызматташтыкты арттырууга гана шарт түзбөстөн, өлкөнүн туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга да өбөлгө болот”, – деди.

Андан соң ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын программасы талкууга алынып, үчүнчү маселе катары жыйын алкагында өткөрүлүүчү маданий иш-чаралар тууралуу сөз жүрдү. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов баяндама жасап, жыйын өтө турган жайлардагы иш-чаралар жөнүндө маалымат берди. Уюштуруу комитетинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров маданий иш-чараларда улуттук өзгөчөлүккө басым жасоо керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны быйыл 3-6-октябрь күндөрү алгач ирет Кыргызстанда өтөт. ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы парламенттер аралык байланыштардын аянты болуп эсептелет жана шайлоолорго байкоо салуу боюнча миссияларды жетектейт. Анын дагы бир башкы максаты саясий чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу