Бишкекте өтө турган ЕАЭБ саммитине өлкө президенттери келет

14-апрель күнү Бишкекте ЕАЭБ саммити өтөт. Ушу тапта иш-чарага биримдикке мүчө мамлекеттердин башчыларынын баары тең келе турганын тастыкташты.

Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Бишкекте курамына ЕАЭБ мамлекеттеринин өлкө башчылары кирген Евразиялык экономикалык кеңеш өтө турганын Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим шаршемби күнү ЕЭКтин кеңешинде кабыл алынган.

«Кеңештин күн тартибине Молдовага байкоочу статусун ыйгаруу боюнча аталган өлкө президентинин арызын кароо киргизилген. Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкө башчылары Иран мамлекети менен карым-катнаш маселесин талкуулашат», — деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта иш-чарага биримдикке мүчө болгон Белоруссия, Россия, Казакстан, Армения өлкө башчыларынын баары тең келе турганын тастыкташты.

Кеңеш тууралуу кенен маалымат кийинчерээк берилет.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу