Бишкекте эң сулуу кыргызстандык бийкеч тандалды. Конкурстун видеосу

Бишкекте кечээ күнү «Кыргызстан сулуусу — 2018» сынагы болуп өттү.

Өлкөнүн эң сулуусу наамын алыш үчүн 25 кыз ат салышып, 22 жаштагы Айжан Жеңишова жеңишке жетти. Ал кичи мекени Ысык-Көл облусунун атынан чыккан.

Ал эми вице-мисс наамына 19 жаштагы Нуриз Бектурова ээ болду. Экинчи вице-мисс наамын 18 жаштагы Эльгиза Ырсакунова, үчүнчүнү Арина Сулайманова илип кетти.

Жеңүүчү таажыдан сырткары, баш байге Mercedes-Benz A 140 үлгүсүндөгү унаага ээ болот жана эл аралык сулуулук сынактарынын бирине Кыргызстандын атынан катыша алат. Калган байгелүү орундарга илинген кыздар Түркияга туристтик жолдомо алышты.

Дагы: https://sputnik.kg/video/20181106/1041878431/bishkek-suluular-synagy.html

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу