Бишкекте Эл аралык кыздар күнү белгиленет

11-октябрда Эл аралык кыздар күнү белгиленет. Бул күн кыздардын укуктарын жана дүйнө жүзүндө алардын кабылып жаткан маселелерин таануу максатында белгиленип келет.

Анын алкагында 9-11-октябрь аралыгында Бишкек шаарында бул күнгө арналган ар кандай иш-чаралар уюштурулат. Анын ичинде адам укутары боюнча эссе жазууга сынак, окуучулар арасында видео сынак, кыздар үчүн тренингдер жана волейбол боюнча турнир өтөт.

Иш-чаралардын максаты кыздар дуушар болгон проблемаларды чечүү зарылдыгына коомдук көңүлүн буруу жана алардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө түрткү берүү болуп саналат.

 Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу