Бишкекте уранга каршы акция уланууда

29-апрелде Балыкчы шаарында митингге чыккандар нааразылык акцияны бүгүн Бишкек шаарынын Горький гүлбагында улантып жатышат.

Акцияга чыккандардын бири, алгачкылардан болуп уранга каршы чыккан активист Марат Акатов жергиликтүү тургундар уран казууга каршы болуп Балыкчыдан бери келишкенин айтты:

«Бул жалгыз эле Ысык-Көл, Нарын облусунда жашагандардын көйгөйү эмес. Бүт кыргыз элинин көйгөйү. Эгер уран кени ачылса Ысык-Көлдө туризм токтойт. Ошондуктан өкмөтсүз эле оокаткылып аткан элдин турмушуна кыйын болот».

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу