Бишкекте «Түндүк» бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунусова кармалды

Элнура Мамбетжунусова Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бишкекте «Түндүк» бажысынын жетекчи орун басары Элнура Мамбетжунусова кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтагы ишенимдүү булак Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал качан жана кайсы жерде кармалганы боюнча так маалымат жок. Мамбетжунусова шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Быйыл май айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты Борбордук бажынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашевди кармаган болчу. Финансы полициясы мурдагы аткаминерге таандык үйдүн видеосун көрсөткөн.

Булак: Спутник

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу