Бишкекте «орусия гүлдөрү» XIV эл аралык маданий фестивалы башталат…

Бишкекте «Орусия гүлдөрү» аталышындагы XIV Эл аралык маданий фестивалы башталат. Ордо калаанын Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болуучу ишчара 30-мартка чейин уланат. Бул тууралуу Маданият, маалы-мат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Программада маданий жана билим Берүүчү мүнөздөгү иш-чаралар камтылган. Бишкектин тургундары ошондой эле Орусиянын таланттуу балдарынын чыгармачылыгы менен тааныша алышат.

Орусиянын маданият министрлигинин аталган долбоору өлкөнүн билим берүү жана аталган долбоору өлкөнүн билим берүү жана искусство чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү жана бекемдөө максатында 2013-жылы түзүлгөн.Бул жылдар аралыгында фестиваль Прага,Вена,Милан,Мюнхен,Хельсинки,Братислава.Афины жана башка ири маданий борборлордо көрсөтүлгөн.

БУЛАК: Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу