Бишкекте мектеп окуучулары мушташып, 16 жаштагы бала каза болду

Бишкекте мектеп окуучулары мушташып, бир бала ооруканадан каза болду. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 28-май күнү болжол менен саат 00:20да «102» кызматына 3-балдар ооруканасына жаракат алып, эс-учун жоготкон бала түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Ал жакка Биринчи май районунун кызматкерлери барышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кабар түшкөндөн бир күн мурун кечке маал шаардагы мектептердин биринин жанында өспүрүм балдардын арасында мушташ болгон. Жыйынтыгында, 16 жаштагы Н. С., аттуу бала оор жаракат алган. Аны тез жардам кызматы 3-балдар ооруканасына алып келип, дарыгерлер болгон аракетин жумшаганы менен ал эсине келбей каза болгон.

Учурда бул окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Кылмыш кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

БУЛАК: kalys.media

Аргумент.kg
Жооп калтыруу