Бишкекте бала сатып жаткан учурда кармалган аялдар №4 төрөткананын жана Улуттук госпиталдын кызматкерлери болушкан…

Бишкекте бала сатууга шектелген уч аялдын бири №4 төрөт үйүндө иштесе, дагы бири Улуттук госпиталдын кызматкери болушкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүулөр баласынан баш тарткысы келген келин менен алдын-ала сүйлөшүп алышкан. Алар келинди баладан расмий баш тартпа деп макулдашып, ал үчүн 20 миң сом убадалашкан. Жаш эне менен наристе ооруканадан чыккандан кийин ижарага алынган борбордогу батирге жеткирилип, ымыркайды сатканга кардар издей башташкан.

Биринчи Май РИИБи менен УКМКнын кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам ишинде бала саткан кызматкерлер алгачкы төлөм акчаны алып жатышкан жеринен кармалышкан. Бул кабарды уккан батирдеги эне жана бир кызматкери эшикти ачпай бекитип алышкан. Мындан улам укук коргоо кызматкерлери ӨКМнын куткаруу кызматын чакырып, эшикти бузуп киришкен.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, №4 төрөткана текшерүүгө алынууда. Ошондой эле ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар адамдар аныкталууда.

Бишкектин Биринчи Май РИИБине 27-февралда белгисиз аял өзүнүн баласын сатууга аракет кылып жатканы боюнча маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө баланы сатып жаткан маалда 1988-жылы туулган М.Н., кылмышка катыштыгы бар 1969-жылы туулган Т.Ж. жана 1993-жылы туулган Б.А. кармалган.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу