БИШКЕКТЕ “АКЫЙКАТ ШАЙЛОО ҮЧҮН” АКЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарындагы Ахунбаев – Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги “24-март” скверинде “Акыйкат шайлоо үчүн” митинги болууда.

 

Ага келгендер колдоруна «Залилиевдер жоопко тартылсын», «Бийлик булагы – эл», «Административдик ресурска жол жок!», “Биз добуштарды сатып алууга каршыбыз” деген жазуулары бар плакаттары кармап турушат.

 

Күндүн суук экенине карабай акцияга келгендердин саны 600дөн ашуун деп болжолдонууда.

 

Ага ЖКнын депутаты, жарандык активисттер жана өлкөнүн келечегине кайдыгер карабагандар катышууда.

 

ЖКнын депутаты Жанар Акаев административдик ресурс колдонулуп жатканын айтып, шайлоо акыйкат, таза өтүү митингге чыккандардыне талабы экенин белгиледи.

 

Булак: Каганат

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу