Бишкекте автоунаа каттаган ишкананын жетекчиси кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шектүү катары кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, 2-ноябрда колго түшкөн аткаминер автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталууда. Аты-жөнү ачык айтыла элек аткаминерге каршы Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши козголуп, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргызстанда жыл сайын жол кырсыктарында миңден ашуун адам көз жумат. Коомчулукта «айдоочулук күбөлүктөр сатылып, техникалык каттоо иштеринде жең ичинен жасалган иштер көп» экендиги айтылат.

«Transparency International» эл аралык уюмунун 2017-жылдагы коррупциянын деңгээлин ченеген иликтөөсү боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 135-орунду ээлеген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу