Бишкекте абанын булганышы нормадан ашканын расмий тарап төгүндөдү

Бишкек шаарында абанын булганышы тийиштүү нормадан ашып кеткени тууралу маалыматты Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги төгүндөп жатат.

«Move Green» коомдук кыймылы Бишкектеги аба нормадан 20 эсе көп кирдегенин кабарлаган. Бирок Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги аталган кыймылдын жабдуулары аккредитациядан өтпөгөнүн жана ченөө каражаттарынын реестрине кирбегенин маалымдады.

Расмий кабарга ылайык, шаардын жети жерине абанын тазалыгын текшерип, зыяндуу заттарга байкоо жүргүзгөн жабдуулар орнотулган. Анын тыянагына караганда, абанын деңгээли тийиштүү нормадан ашкан жок.

Калаанын борбордук бөлүгүндө абанын булганышы орточо деңгээлден бийик экени айтылат. Адистер буга негизинен автоунаалардын көптүгү себеп болуп жатканын белгилешет. Жыл сайын Бишкектеги абаны ууландыруучу заттардын көлөмү 240 тоннаны түзсө, анын 180 тоннасы автоунааларга таандык.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу