Бишкекке жаңы вице-мэрлер дайындалды

Тийиштүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду. 

Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, жаңы үч вице-мэр келди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеме берген маалымат боюнча мэриянын транспорт тармагын тескеген вице-мэр Максим Ситников да кызматынан бошотулду. Ал Октябрь районунун акими болуп дайындалды.

Ситниковдун ордуна мэриянын жер ресурстары башкармалыгын жетектеп келген Азизбек Алымкулов келди.

Ал эми социалдык маселелер боюнча вице-мэрликке Татьяна Кузнецова дайындалды.

Шаар куруу архитектура маселелери боюнча вице-мэрликке Уланбек Азыгалиев дайындалды. Ал буга чейин мэриядагы капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген.

Вице-мэр Рыспек Сарпашов ордунда калды.

  • Буга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри Асел Куламбаева өз каалоосу менен кызматтан кеткени айтылган. 

Булак: Калыс Медиа

Аргумент.kg
Жооп калтыруу