«Бийчи келин» Сайкал эл аралык реалити-шоуга катышты

Долбоордун сюжетине ылайык, түрдүү өлкөлөрдөн табышкан түгөйлөр телеберүүнүн алкагында биринчи жолу жолугушат. Сүйүшкөндөр үч күн бою бирге болуп, элинин салт-санаасы жана улуттук өзгөчөлүктөрү тууралуу билишет.

 Социалдык тармактарды багындырган кыргызстандык Instagram-блогер Сайкал Жумалиева «Мир» телеканалындагы мультимаданий «Чек арасыз сүйүү» реалити-шоусуна катышты.

Жаңы долбоор интернет аркылуу дүйнөнүн түрдүү бурчунан табышкан «сүйүшкөндөр» үчүн жолугушуу уюштурат. Алар үч күн бою бирге болуп, элинин салт-санаасы жана улуттук өзгөчөлүктөрү тууралуу билишет. Катышуучулар бир нече сыноодон өтүш керек: тилдин тоскоолдугу, бир-биринин ата-энеси жана достору менен таанышуу. Жыйынтыгында түгөйлөр алар чындап эле бирге болор-болбосу чечилет.

«Сайкал бишкектик жаш кыз, болгону 21 жашта. Ал Кыргызстандын тышында да белгилүү. Сайкалдын эрте турмушка чыгууга каршы тарткан видеосу заматта интернетке тарап, атактуу болгон», — деп Сайкалдын тааныштыруу видеосунда айтылат.

Сайкалдын түгөйү москвалык Алексей аттуу жигит. Аны менен интернеттен капысынан таанышып калган. Кыз-жигиттин кат алышуусу махабатка айланып, Алексей Сайкалга жолугушуу үчүн Бишкекке учуп келген. Эми аны бактысына жетүү үчүн бир нече сыноолор күтүп турат.

«Сынактан өтүү үчүн болочок жарынын көз алдында койдун башын жеши керек», — деп долбоордун авторлору белгилеген.

Жумалиеванын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришинче, бул долбоорго анын автору Виктория Заволжскаянын сунушу менен катышкан.

Реалити-шоу августтун башында тартылып, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Арпа жайлоосунда өтүп, анын бет ачары 16-сентябрда көрсөтүлгөн.

«Өз бактысын сынап көргүсү келген Алексей жайлоодо бир нече сыноодон өттү. Ал менин ата-энем менен таанышты, койду жергиликтүү салт менен устукандады. Алексейди биздин салт-санаанын өзгөчөлүгү таң калтырды», – деди блогер.

Жакында аталган телеберүүнүн толук версиясы «МИР» телеканалынын YouTube баракчасына чыгат.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу