Бийсеид Түлөбердиев, активист: «Атамбаевди колдойбуз деп ошондо эле жаңылган экенбиз»

— Бийсеид мырза, сиз да Арашанда жашап кетиптирсиз. Ошол айылдан болосузбу?

— Мен Таластын Кара-Буурасынан болом. Эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучумун.

— Апрель революциясынын активисттеринин бири экенсиз. 6-апрелдеги Таласта болгон тополоңдо катышкансызбы?

— Таласта болгон тополоңго катышкан эмесмин. 7-апрелде “Форумда” элдин алдында тургам. Мени Таласка барбай эле коюңуз, ушул жерде туруп бериңиз деп суранышкан.

— Кимдер суранган?

— Азыр депутат болуп Ак үйдө олтурган Данияр Аттокуров суранган. “Таласта адам жетишерлик, сиз ушул эле жерде калыңыз” дегенинен Таласка барган эмесмин.

— Сиз Алмазбек Атамбаевди кайсыл жылдан бери колдоп келдиңиз?

— Мен Курманбек Бакиевдин саясатына каршы тургандардын бири болчумун. Ал кишини президент деп айтмак түгүл атын атоочу эмесмин. Кемпирим “Сен президентти ар кандай жаман сөздөр менен айтып жатасың, сени камап коюшу мүмкүн” дей бергенинен, Таластан Бишкекке баса бергем. Арашанда 3 жыл жашадым. 2009-жылы жай мезгилинде президенттик шайлоо болуп, Атамбаев оппозициянын талапкери болуп чыкпады беле. Таласка барып эл менен жолукканда аны колдой турганымды билдиргем. Элдин көзүнчө “Мен сени колдойм! Сен президент болуп калгандан кийин Сталинге окшоп иштеп кете аласыңбы?” деп суроо бергем. Ошондо эле ушул суроого мукактанып жооп таба албай, “не касаеться” деп араң жооп берген. Сталин өлкөнүн кызыкчылыгы деп өзүнүн баласын туткунга түшкөн генералга алмаштырбай койгон. Сен дагы өлкөнүн кызыкчылыгын үй-бүлөңдөн дагы жогору коюшуң керек дегем. Атамбаевди колдойбуз деп ошондо эле жаңылган экенбиз. Көрсө, революция кылгандардын баары эле эл үчүн күйгөн адамдар эмес экен да. Кыргызды алдап жүргөндөрү кийин билинбедиби. 7-апрель күнү өлгөн балдарга ошол кезде оппозициянын башында турган Атамбаев күнөөлүү деп эсептейм. Булардын көздөгөнү эптеп бийликке жетүү болгон экен. Биз алардын айткан сөзүнө ишенип жүргөн экенбиз. Бийликке кан төгүү менен жеткенден кийин эл үчүн иштеши керек болчу. Булар элди ойлобой коюшту. Түштүктөгү кан төгүү ушулардын айынан келип чыкты. Элди ойлогондо ал окуя болмок эмес. Байлык, бийлик деп дүнүйөнүн артынан кууп кетишти.

— Сизди “Форумга” качан чакырышты? Шайлоодон кийин Атамбаев менен ошол жерде жолуктуңузбу?

— Алмазбек Атамбаев 2009-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин алып салып бизди ыңгайсыз абалга калтырган. Андан кийин байланыш болгон эмес. 2010-жылы 20- февралга “Форумга” чакырышты. Чакырган соң келгенбиз. Революциядан кийин Таласка губернатор болгон Койсун Курманалиева дагы келген. Атамбаев менен шайлоодон кийин ошондо жолуктук. Шайлоо күнү бизди ыңгайсыз абалга таштап эмне себептен талапкерлигиңди алап салдың?- деп суроо берсек, “Максим Бакиев менен Мелис Эшимканов сүйлөшкөн экен. Талапкерлигимди алып салганым чын эле туура эмес болуп калды” деп жооп берген. Ал жыйынга саясатта жүргөндөрдүн көпчүлүгү барган. Өмүрбек Текебаев жаңы эле операция болуп келген экен. Ал дагы катышкан. Роза Отунбаева чет жакка кеткен экен, жыйынга катышкан эмес. Аны март айынын башында келет, 17-март күнү курултай өткөрөбүз дешкен. Ачыгын эле айтыш керек, ал учурда Атамбаев, Текебаев баштаган эркек саясатчылар элдин алдына чыга албай калышкан. Роза Отунбаева менен Бөдөш Мамырова аял болсо да эч нерседен коркпой алдыда жүрүшкөн. Муну эч ким талаша албайт. 17-мартта “Форумда” курултай өткөн. Ошондо элүүдөй кара шарды асманга учурганыбызда, түз эле Ак үйдү көздөй учкан. Ак үйдү кара түтүн каптай турганы ошондо эле билинсе керек деп ойлоп коём. Атамбаевге бийлик алып беребиз деп өлүп кеткен азаматтардын үмүтүн актаган жок. Өлгөн балдардын үй-бүлөсүнө жүз миңдеген доллар жардам бербесе да өлкөгө акыйкаттуулукту орнотуп, коррупцияны тыйса болот болчу. Тескерисинче, байлыктын артынан кууп, коррупцияга малынганы бүгүн ачыкталып олтурбайбы. Эмне, балдар Атамбаев жана анын тегерегиндегилер мамлекеттин акчасын уурдап байысын деп өлдү беле?! Атамбаев бийлик талашта өлгөн азаматтардын ой-максаттарынын бирин да аткарбады. Балдарга бериле турган акчаны да Фарид Ниязов толук берген эмес. Муну ачык айта алам. Бул жакта биз кан төгүп, күрөшүп жаткан мезгилде Максим Бакиевдин жанында жүргөн Сапар Исаков кийин эле Атамбаевдин оң колу болуп чыга келди да, 49 жолу Кытайга учуп барып келиптир. Ал жакка эмне себеп менен, кандай ишти бүтүрүү үчүн барды?

— Сапар Исаков менен сүйлөшүп көрдүңүз беле?

— Сапар Исаков Атамбаевдин кол алдында айдап кел-байлап кел болуп жүргөн бала болду да. 2014-жылы кеч күздө Ак үйдүн жанынан Сапар Исаковду кармап калдым да, «Сен баары өлкө кызыкчылыгы үчүн болуп жатат. Кудай буйруса, Бишкек ТЭЦ жаңы болуп курулса шаарда жарык өчпөйт” деп мактап жатасың. Эгер, сен айткандай болбой, баары башаламан болсо таарынбагын» деп өзүнө айткам. Атамбаевдин ишенген адамдарынын баары кыргызга күйгөн жок. Мен 2011-жылы документтеримди чогулттум. Ага Токтайым Үмөталиева кол коюп берди. Ирина Карамушкина кол коюп бербей койгон. Ага ошондон кийин кайрылган жокмун. Бул аял Санкт-Петербургга барганда “Кыргыздар бизди басынтат” дегендей сөздү айтып, орустарга даттанып уят кылбадыбы. Ошондо эле Карамушкинаны кыргыз элинен кечирим суратып, мандатынан ажыратып салыш керек болчу. Албек Ибраимов “Манас” аэропортунда директор болуп турганда Атамбаевдин командасы Кыргызстандан тонналаган алтынды алып чыгып кеткен деп айтып жүрүшөт. Калк айтса калп айтпайт да. Муну да толук иликтөөгө алыш керек. Байлыкка тойбогондор элдин ырыскысын тонналап ташып кеткенине өзүм ишенип эле турам. Болгон быдырыбыздын баарын тартып алышып, элибиз сыртта тентип жүрөт. Кечээ эле бир иним “Биз бийликке Атамбаевди ушул үчүн алып келдик беле?!” деп ыйлады. Атамбаев бийликте турганда Өмүрбек Бабановду эмне деп гана айткан жок. Мен Бабановдун элдин акчасын жегенин-жебегенин билбейм. Бирок, ал элге атасы жыйнаган мүлкүн таратып бергени чындык. Атамбаев кимге атасынан калган байлыгын таратып бериптир? Ким укту Атамбаев мүлкүн таратып берди дегенди? Тескерисинче, элге бергендин ордуна, элдин эсебинен жашап жатканы калппы? Ал айткан сөзүнө турбай турган адам экен. Атамбаевдин коррупцияга малынган башкаруусунун айынан туула элек балдарыбыз да карыз болуп калды. Баласы электр энергиясынын үстүндө олтуруп, карапайым калкка сатып жатканын эл билбейт дейби?! Баары сопсонун билет. Атамбаевдин бийлиги кыргызды эшектин этин жегизгенге чейин алып барбадыбы? Же муну да калп дегендер чыгабы? Ага караганда Роза Отунбаева аял башы менен жүз эсе жакшы иштептир. Алмазбек баарын кыйраткам деп көкүрөк кага бербей, Роза Отунбаевадан “Сизден кийин бийликти алдым эле, байлыкка кызыгып кетип ит болдум” деп таманын өөп кечирим сураса да жарашат. Фарид Ниязов менин деломду беш жыл бербей басып жатты. Ошол делону Фаридге белек кылганымды ачык айтып коёюн.

— Фарид Ниязовго ошол үчүн өчөшүп калган турбайсызбы?

— Ал дело ичиндеги кагаздары менен болгону 4 миң сом турат. Ошончо эле акча коротуп документ чогулткам. Ошол акча үчүн адам менен өчөшмөк белем. Фарид Ниязов Атамбаевдин идеологиясын жүргүзгөн номур биринчи адам экенин жакшы билем. Идеологияны туура жүргүзсө бүгүнкүдөй абал жаралмак беле? Кечээки президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков үчүн Фарид Ниязов бекер иштеп берип жатыптыр дегенди угуп, “Форумга” бардым. Сен чын эле бирөө үчүн бекер иштегине жатасыңбы? Сени Уфада төрт тогуз кабаттуу үйдү, Атамбаевди Франциядан 25 кабаттуу мейманкананы алып койгон деп айтып жатышат. Ошол үйлөрдү кайсыл акчаңа алдың? Кыргыздын акчасына алган болсоң ордуна коюп кой! — ​деп айтканы барсам, киргизбей койбодубу. Өзү сыртка чыккандан коркту. Фарид алдымдан чыга турган болсо кычышкан муштумумдун кычуусу кангыча “груша” кылып муштаймын. Ал революцияда бизге окшоп алдыда жүргөн эмес. Көчөгө да чыкпаган. Ооруп жатам деп постелде жаткан деп уккам. Бул Акаев, Бакиев учурунда деле жылуу жерде олтуруп келген. Жок дегенде ушунусун мойнуна алсын да.

— Анвар Артыковду Ак үйдө сөккөн турбайсызбы?

— Ооба, аны сөкпөй, эркелете турган ал ким мага? 2010-жылы Ошто тополоң болгондо өзбектер Өзбекстанга качышып, кайра кайтып келишпеди беле. Анвар Артыковго ошол боюнча катуу айткам. Сен ал жакта жүрө албайсың, бул жак сага жагат дегем. Бул жакта акча берип депутат болуп олтурат, кайсыл бийлик болбосун ага кошомат кыла беришет. Анвардын бетине көчөдө жүз уй болсо, аларды баштап алган бир шүмшүк уй болот, ошол сенсиң деп айткам. Унчукпай олтуруп берген. Сөз кайтарууга духу да жетпейт. Ушуга окшогондор Атамбаевдин тегерегинде жүрүшпөдүбү.

— Азыр коррупция менен камалып жаткандардын кимисин тааныйсыз?

— Сапарга 2014-жылы эле жаман болосуңар деп эскерткем дебедимби. Азыр колуна кишен салынып жаткандар тамагынын айынан олтуруп жатышат.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу