Бийлик Премьерге өткөнү калдыбы?

Көпчүлүк үчүн сыртынан байкалбаган окуя болуп өттү. Премьер-министр Сапар Исаков Москвага иш сапары менен барып келди. Бирок ушул жерден айрым бир кызык деталдарга көңүл бурсак. Биринчиден Өкмөт башчысынын сапары расмий статуска ээ болду. Экинчи бир деталь Кремльдин түбүндөгү  Белгисиз жоокердин көрүстөнүнө гүлчамбар коюулду. Адатта мындай аракетти  бөлөк мамлекеттин биринчи адамы гана жасай алаары белгилүү. Суроо туулат. Эмне, Сапар Исаков де-факто өлкөдөгү биринчи адамга айланып баратабы?

Экинчи бир маселе,  төртүнчү жолу бийликке отурган Европанын айбаттуу жетекчилеринин бири Германиянын Канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга атайын келип кетти.  Себеби ал жаңыдан Президенттик милдетин аткара  баштаган  Алмазбек Атамбаев менен жолуккан.  Анда Меркель: “Силерде Президенттик башкаруубу,  же парламенттикпи?”- деп суроону кабыргасынан койгон.  Биздин жетекчи: “Мөөнөтүм аяктагыча парламенттик башкарууну түптөгөнгө аракеттенем.”- дегени эсибизде.  Ангела Меркель Бишкекке дагы келип кеткен, анда маселени кайра көтөргөн. Сапар Исаковдун күчөп баратышы, “Кыркы кадам” деп аталган терең амбициялуу программанын кабыл алынышы ошол айтылган сөздөр аткарылып баратабы деген ойго түртөт. Президенттик шайлоонун тегерегиндеги акыркы күндөрдөгү ызы-чуулар жөндөн-жөн чыккан жок деген ойлор айтылууда. Анткени негизги эки талапкердин бири кокус жеңип кетсе, Сапар Исаковдун тагдыры татаалдаша түшөт дешүүдө. Эмнеси болсо да катуу башталган Исаковдун бийик карьерасын Президенттик шайлоодон кийинки татаал учурлар күтүп турат окшойт.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу