Бийлик КСДПны Атамбаевден Абдрахмановго тартып алып берди…

Мына Юстиция министрлиги: “5-апрелде Абдрахмановдон КСДПнын жетекчисин, саясий кеңештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө маалымдама келип түшкөн. Ага партиянын 3-апрелде өткөн 18-съездинин протоколунун көчүрмөсү жана жаңы жетекчинин (Сагынбек Абдрахмановдун) паспортунун көчүрмөсү тиркелген”,- деп сүйүнчүлөп, «мыйзамды буйлаланган төөгө» айлантышты. Алар Абдрахмановдо устав, партиянын меерү жоктугна, КСДПга тиешеси жоктор конференция өткөрүшүп партияны талашып жатканын уруп ойношкон жок. Болгон жүйөлөрү «Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахмановдон кат келген экен, баса калышып «КСДПнын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахманов, партиянын жайгашкан жери катары Эркиндик 45 дареги», — деп каттап салышыптыр. Мындай нерсе «токмогу күчтүү болуп, кийиз казык жерге киргенде» ишке ашат. Демек, Юстиция министрлигине Ак үйдөн басым болуп, алар ийиненин көзүнөн өтүп кетишкен… Бекер жеринен Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина: «Юстиция министрлигине басым кылып, партияны кайра каттоого алдырышты. Бул бийликтин алсыздыгы. Сагынбек Абдрахманов деген ким? Атамбаевсиз КСДП» кыймылы эч жерде катталган эмес», — деп сынга алып жаткан жок. Кызыгы, Абдрахманов шаңыраңдап экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын уставын, гербин, мөөрүн жана акчасын кайтарып бериш керектигин айтып, «Биз Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго КСДПнын жетекчилиги алмашканы, эми банктын которуулары жана башка аракеттер Абдырахмановдун гана колу менен жүрөрүн айттык», — деп жерге токтобой жетине албай жүрөт. Албетте, мындай баскынчылык жерде калбайт. Бийлик жаман жөрөлгөгө жол ачты. Айткандай, экс-президент Атамбаев бул ишке байланыштуу Юстиция министрлигинин жетекчилиги менен Кызматкерлерин, министрликтин ишин тескеген президент менен өкмөттүн аппаратындагы жетекчилерди суракка алып, жоопкерчиликке тартууну, КСДПнын бузулган укуктарын тезинен калыбына келтирүүнү Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон талап кылды. Бул боюнча КСДПнын маалымат кызматы: «Мыйзам бузган жорук даярдалып жатканы боюнча алдын-ала толук маалымат берилген. Бирок Юстиция министрлиги өлкөңнүн экс-президенти жетектеген ири саясий партиянын эскертүүсүн көңүл сыртында калтырып койгон. Мындай мамиле акыркы алты айдан бери уланып келүүдө. Бул көрүнүш министр менен орун басарларынын жазаланбай турганына ишеними күч экенин көрсөтүп турат», — деп кайрылуу таратты. Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу