Бештен ашуун инвестор жаңы футбол стадионун курууга кызыкдар экенин билдирди

Бештен ашуун инвестор Бишкекке жаңы футбол стадионун курууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

— Кээ бирөө толугу менен катышам деп жатат, айрымдары кандай болот план деп бизден сурашууда. Өз планы менен келгендер да, жөн эле жардам берем дегендер да бар.

Мамлекеттик агенттик Бишкек шаарына Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) талаптарына жооп берген, заманбап стадион курууга катышууну каалаган инвесторлорду чакырган. Ишкерлер 25-февраль, кечки саат 18:00гө чейин өз сунуштарын бериши керек.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Футбол федерациясы менен биргеликте футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну өкмөткө сунуштаган. Мамлекет башчы бул тууралуу 24-январда Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирген.

Мунун алдында спортчуларды колдоп келаткан ишкер жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков жаңы стадион куруу мезгил талабы болуп жатканын айткан. Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, тез арада жер бөлүнүп берилиши зарылдыгы белгиленген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу