Беттин бырышына каршы маска

Үй шартында картошка колдонулуп жасалган масканы сиздерге сунуш кылабыз.

Ал үчүн:

-Эки даана кайнатылган картошка

-5 грамм глицерин

-2,5 чай кашык сметана

-2,5 чай кашык сүт

-1 чай кашык өсүмдүк майы керектелет

Даярдоо жолу

Эң алгач картошканы сууга бышырып, аны аарчып алып, аны жакшылап майдалап аласыз. Майдалап алган соң, ага калган кошулмалардын бардыгын кошуп жакшылап аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы бетиңизге 15-17 мүнөт коёсуз. 15 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп салуу кажет.

Масканы жууп салган соң, бир мүнөттөн кийин бетти жумшартуучу крем колдонуңуз.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу