Беттеги безеткини (угрини) аз убакытта кантип кетирсе болот?

Косметолог кеңеш берет

  • Безетки канча жаштан жана эмне себептен келип чыгат?

Безетки оорусу негизи 11-15 жаштан баштап чыга баштайт. Пайда болуу себеби көп. Биринчиден, ал генетикалык мүнөздө болот. Алсак, эгер өспүрүмдүн ата-энесинде бар болсо, оору тукум кууп балага өтөт. Ошондой эле, организмдеги мите курттардын кесепетинен, гормондордун туура эмес иштешинен келип чыгып, майлуу терилерде көп кездешет. Безетки чыкканда көп сарсанаа болуп, ойлонбош керек, себеби ал стресстен да көбөйө берет.

  • Безеткиден кантип арылууга болот?

Биринчиден, үй шартында дарылоого токтолсок, анда атайын көйгөйлүү терилерге арналган косметикалык каражаттарды, жуунучу гель, лосьон, тониктерди колдонсо болот. Ошондой эле бет майларды сатып алып сүйкөө керек. Эгерде булар жардам бербей, өрчүшүп кетсе дарыгер-дерматологго кайрылуу кажет. Мындай учурда дарыгер бейтапты косметологиялык процедура же сырткы кам көрүү менен дарылайт.

Дарылануу мөөнөтү 1 жылга чейин созулат. Безетки бир күндө айыгып кетүүчү оору эмес. Аны дарыласа же дарылабаса деле кетет, бирок дарыласа бат жана бетке так калтырбай айыгат.

  • Эмне себептен безеткини сыкпоо керек?

Безетки пайда болгондо, туура эмес косметикалык каражаттарды колдонуп, спирт сүйкөп, интернеттен көрүп алып, соода менен күйгүзүп, аны сыгып же чукуу бул туура эмес. Мындай учурда безеткиден бет терисинде ар кандай тактар, тырыктар пайда болуп, аларды кетирүү абдан кыйын болот. Ошол себептен өзүм билемдик кылбай, алдын-ала адиске кайрылган оң болот.

  • Бетти самын менен жууса болобу?

Бетти эч качан самын менен жууп, тазалабаш керек. Себеби беттин териси назик келгендиктен, самын колдонуу тери курмын бузуп, кургатып, ашыкча майлуулукту пайда кылат. Бет үчүн атайын жуунучу гель, лосьондорду алып колдонуу керек.

  • Өспүрүм куракта декоративдик косметикалык каражаттарды колдонсо болобу?

Декоративдик каражаттарды колдонсо болот. Бирок аларды тандоодо жаш куракка, бет терисинин тибине карап сатып алуу керек. Эң маанилүүсү колдонуудан кийин атайын косметологиялык каражаттар менен туура тазалап жууну унутпоо зарыл.

  • Канча жаштан баштап пластикалык операция жасатса болот?

Эгер дене мүчөсүндө өзүнө жакпаган кандайдыр бир жерлери бар болсо, анда атайын шарттар боюнча 16 жаштан баштап пластикалык операция жасатса болот. Мындай операция өспүрүмдөрдүн ата-энесинин уруксааты менен гана иш жүзүнө ашырылат.

  • Күндүн нурунан бетти кантип туура сактоо керек?

Беттин тери курамына күн нурунун таасири чоң. Жынысына карабастан күнгө каршы SPF деген жазуусу бар майларды сөзсүз колдонуу керек. Күндүн зыяндуу А жана B типтеги кыска жана узун нурлары болот. SPF сепкил, так, бырыш түшүргөн B типтеги кыска нурлардан сактайт. Ал эми тери рагын пайда кылган А типтеги узун нурлардан курамында UVA жана UVB блок деген жазуусу бар бет майлар сактайт.

  • Косметикалык каражаттарды базардан сатып алса болобу?

Европалык стандарттар боюнча косметикалык каражаттарды атайын дүкөндөрдөн, дарыканалардан алуу керек. Себеби базарларда туруктуу температура болбогондуктан, каражаттардын сактоо режими бузулуп калышы ыктымал. Алардын пайдасынан зыяны арбын болот.

  • Туура тамактанса тери сулуу болобу?

Ички организмде болуп жаткан процесстердин баары бетке таасир этет. Камыр, майлуу тамактарды көп жебей, майды (колорийди) эсептеп жеп туура тамактанса, бул албетте териге жакшы таасирин берет. Эгер чыдай албай майлуу, камыр тамак жеп алса спорт залга барып же болбосо майда көнүгүүлөрдү жасоо менен чыгаруу зарыл.

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу