Бети жок Халмурзаев өкмөттөн «халва» үмүт эткени кандай?

2016-жылдан бери өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген Абиш Халмурзаев деген көпөс бар. Үч жылдын аралыгында облуста кыпындай дагы иш кылган жок. Тескерисинче, матрезервдеги буудайды сол чентекке сологону ММКларда айтылып, өкмөткө кайтарылбаганы жазылып келди. Ошондой эле менчиктештирип алган жеке мейманканасында сойку бизнесин гүлдөтүп, киреше тапканы ачыкка чыккан. Ошол эргул элдин ызы-чуусу менен эки күн мурун иштен айдалды. Өкүнүчтүүсү, уят-сыйыты жок Халмурзаев «Марал» радиосуна маек берип, бетин кызартпастан туруп: «Эми кандай жумуш берилерин премьер-министр чечет» дептир. Бул эмне деген бетсиздик, эмне деген наадандык? Акыры түбү уят деген болуш керек да. Мамлекет үчүн кыпындай иш кылбаган немелер ушинтип догуруна береби? Же Халмурзаев өзүн табылгыс кадр катары сезеби? Коррупция менен сойкулукту гүлдөткөн Халмурзаевге окшогон ыплас адамдардан качан арылабыз? Укук коргоо органдары мындай бетсиз, абийирсиз адамдын жазасын колуна карматып, матрезервдеги кайтарылбаган буудай учун иш козгогобойбу? Качанга элдин кыжырын кайнатат?

Булак: “Мантыш”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу