Бетиңиз нурдуу болсун десеңиз…

Бетиңиздин таза, тунук болушун кааласаңыз, анда ичегилериңиз дагы таза болушу керек экен. Анткени, алар түзмө-түз байланышта.

Ал учүн төмөнкү ыкманы колдонуу менен теринин, чачтын, тырмактын жакшырганын жана ичтеги майлардын эригенин байкоого болот.

Курамы

5 аш кашык сулу улпактары

5 аш кашык суу

Бир аш кашык сүт

Бир чай кашык бал

5 грек жаңгагы керектелет

Даярдоо жолу: Беш аш кашык сулу улпагын кечкисин кайнак суу куюп коёсуз. Эртең менен ага бир аш кашык сүттү, бир чай кашык балды жана беш грек жаңгагын кошупаралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы ач карын жеген жакшы. Жегенден кийин үч саат бою эчтеке жегенге болбойт.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу