Бетиңиз кургак же майлуу болсо. Анда…

Бадыраң-адамдын ден соолугуна гана эмес, беттин терисине дагы абдан пайдалуу. Анткени анын курамы кальций, темир жана фосфорго бай.

Майлуу беттерге арналган маска

Ал үчүн бир даана бадыраң менен бир алманы кыргычтан өткөрүп аласыз. Даяр болгон аралашманы бетке отуз мүнөт коюп, кийин аны жылуу суу менен жууп саласыз. Мындай масканы жумасына эки ирет жасаса болот.

Кургак беттерге арналган маска

Ал үчүн дагы бир даана бадыраңды кыргычтан өткөрүп, ага бир аш кашык каймак майын кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы бетиңизге 15 мүнөт коюп, андан соң жылуу суу менен жууп салуу керек.

Дакты кетирүүгө арналган бадыраң маскасы

Бадыраңды кыргычтан өткөрүп, ага лимондун согун кошуп аралаштырасыз. Аны да бетиңизге 15 мүнөт сүйкөп коё турасыз. Кийин жылуу суу менен жууп, артынан нымдандыруучу крем койгон жакшы. Бул ыкма бетти агартып гана койбой, андагы дактарды дагы кетиргенге жардам берет.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу