Бердибек Жамгырчиев: Хашим табып эл ойлогондой шылуун эмес..

Хашим табыпка мен былтыр 22 күн жатып дарыланып чыккам, алгач барганда тамыр кармап, жүрөктө, боордо коркунучтар бар экенин айтып 1 айга 20 миң кетээрин айтты, акча даяр болгуча дарылана берейин деп эртеси эле дароо келип жаттым. Эки үч күндөн кийин акчанын жарымын 10 миң сомду таап келип бердим,ошондон тарта 22 күн тынбай түркүн чөптөрдүн,тамырлардын кайнатмасын ичтим. Күндө эртең менен кечинде тамыр кармап текшерип турат, 5 маал намазын калтырбай окуп Кудай деп гана турган адам. Эгер Хашим табыпка барып дарыланбаганда не болмок ким билет, кадимкидей жеңилдедим, үч төрт маалдан тынбай ичилген табигый дарылар кантип пайда бербесин, дагы канча оорулардын алдын алды ким билет.Ал ортодо маркум эжебиз Элмира Кайып кызынын апасы дагы оор экенин айтып, дарыласа болобу деп кайрылдым Хашим агага, эжебиздин апасы көп убакыттан бери гемодиализде болчу, албетте келсин деди, эгер каражат жагынан көйгөй болуп атса Кудай үчүн бекер эле дарылап берем деди, бирок апа далай жерге бара берип тажаганын, такыр көнбөй койгонун айтышты, качан апкелишет экен, келет бекен деп эки үч жолу сурап жатты, бекер дарылап берем деген сөзүнө, чыныгы дарыгерлик асылдыгына абдан ыраазы болдум ичимден.

Ошентип дарыланып бүтүп эми калган 10 миңди эки үч күндө таап келип берейин Хашим ага десем,аны жөн кой иним, башкысы Алла колдоп,оору сыркоодон алыс бол деди, акчаны ден-соолуктан,адамдык улуулуктан кийинки орундарга койгон Хашим агага ого бетер ыраазы болуп, чексиз рахматымды айтып чыктым. (Ооруканадан чыгып кетип баратып интернетке кире калсам Гүлбү Орозкул кызы каза болду дегенди окуп калып кайра жүрөк ооруду канча күн, Гүлбү эже менен чыгармачылык абдан жакшы мамиледе элек). Баса, жанымда чогуу жаткан Көлдүк Жыргал деген байке жүрөгүнөн инфарк экен, ал да дарыланып жыйынтыгы абдан жакшы чыгып, бүгүнкү күндө ахыбалы абдан жакшы. Болбосо, туугандарым менин өлүмүмдү күтүп калган, ошолордун тилектерин таш каптырган Хашим табыпка чексиз ыраазымын, Хашим болбосо эбак эмне болот элем деп жүрөт Жыргал байке. Андан бери 1 жылдан ашык убакыт өттү, дагы канчалаган адамдар дарыланып чыкты, бүгүнкү күндө Хашим аганы каралоо катуу жүрүп, биротоло канатын кыркып салууну көздөгөн доктурлар толтура экенин байкадым, акчаны адам өмүрүнөн бийик коюп көнгөн көпчүлүк доктурлар, Хашим аганын Кудайдан келген дарыгерлигине көнө албай,көрө албай жатканы адамды таң калдырат…болбосо мындай адамдарга бут тозмок түгүл кош колдоп,шартын түзүп берип, ыраазычылык гана айтып туруу керек эле, онкологиядан жүздөгөн адамдар өлсө эч нерсе эмес, Хашим табыптан бирин экин адам өлсө (Хашим табып доктурлар чыгарып салган эң оор абалдагы адамдарды алып дарылайт) баса калып тытмалап атышат, а эмне үчүн ал жактан айыккан адамдарды да изилдеп, ийгиликтерин айтышпайт.

Ак ийилет, бирок сынбайт, Хашим табып да сынбайт, сынчу адам эмес, тескеринче тамыры кеңейип келечекте миңдеген адамдардын сообуна калаарына мен 100% ишенем! Болгону, пайдадан башка зыяны жок адамдын бузукулардын торуна түшүп, убактылуу жапа чегип атканы өкүндүрөт. Жалган маалыматтарга ишенип көптөгөн адамдар да туура эмес ойдо калып атат, бирок анын баары убактылуу, чындык акыры күндүн таңкы нурундай жаркырап чыгат, Хашим агага бекем күч кубат, ден-соолук тилейм!

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу