Бензин баасын өкмөт эмнеге арзандата албайт?

Бензиндин баасы биздин өлкө үчүн абдан эле маанилүү десек жаңылбайбыз. Анткени ички каттамдардын жүргүнчү да, жүк да ташуусун автомобиль аркылуу ишке ашырабыз. Ошондуктан азыр мыйзамдуу бир суроо пайда болууда. Эмне үчүн бензиндин баасы  Казакстанда 15 сомго чейин азаят да, бизде болсо алдаш үчүнбү бир-эки сомго төмөндөтүмүш этип коюушту.

Бул жерде эмне маселе бар? Же боло жүргөндөй кызыкдар адамдар барбы? Болбосо алар деле, биз деле мунайзатты Россиядан алабыз.  Ал эми Казак тарап бизге бензинди арзан баада жөнөткөнгө даяр. Бирок эмнегедир биздин өкмөт бул маселени шарт эле чечкенден тайсалдап турат.  Же карапайым элдин чөнтөгүнөн кетип аткан акчага өкмөттүн башы оорубайбы?

Жогорку кенештин депутаты Сурабалдиева бул маселе боюнча  суроо узатканда, тиешелүү өкмөт мүчөлөрү  так жооп бере албай  буйдала түшүп уят болушту.  Машина айдоочулар бул маселенин чечилишин дагы канча күтөөр экен?

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу