“БЕЛИЗГЕЙТ” БОЮНЧА МАСЕЛЕ ЖКДА КӨТӨРҮЛДҮ

Жогорку Кеңештин жыйынында “белизгейт” маселеси кайрадан көтөрүлдү. Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев 6 ай өтсө дагы “белизгейт” боюнча эч кандай жыйынтык болбой жатканын билдирди.

“Бул иштер аягына чыкпаса кимдир бирөө жоопкерчилик алабы? Владимир Путин президент болордо орусиялыктардын баарынын укугун, ар-намысын коргойм деп айткан эле. Бизде болсо тескерисинче мамлекеттик органдар адамдын укугун, ар-намысын дагы тебелеп жатышат”, – деди эл өкүлү.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева расмий жооп келе электигин билдирди.

2016-жылдын 14-ноябрында УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. Ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам “Мегакомдун” акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөрүн билдирген Сегизбаев. Документте депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын аттары аталган.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу