Бек Борбиев: Дүйнөдө мен үчүн эң сулуу, эң мээримдүү аялзаты…

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы, обончу жана аткаруучу Бек Борбиев кечээ апасынын 73 жаш туулган күнүн куттуктап, апасы экөө түшкөн сүрөттү жүктөп, жеке баракчасына өзгөчө куттуктоо жазды.

“73 жашка келди. Мага жарык дүйнө көрсөтүп, чоңойтуп, тарбиялаган апам Буралкан Назарова, көп жашаңыз, небере чөбөрөңүздүн чайын ичиңиз. Өмүр бою балдарын эле карап отурбай, орус тил мугалими болуп мектепте иштеди, пенсияга чыкты. Элдин балдарына окшоп, эмгек синирген мугалим же ардактуу атуул кыла алган жокмун. Бирок сиз мен үчүн дүйнөдөгу эн сулуу, эн мээримдуу апасыз. Сиздин аман, жакшы маанайда жүргөнүңүз мага чоң күч кубат, дагы буйруса көп ийгиликтерге күбө болосуз. Кичинемден мама деп айттырып, көндүрүп коюптурсуз)) Азыр элдин көзүнчө антип айталбай, буулугуп кетем)) Эмесе, туулган күнүңүуз менен мама, 100гө чыгыңыз”,- деп жазды.

Ырчынын жазган бул посттуна миңден ашык “жактыруу” басылып, анын апасына жылуу каалоо-тилектер айтылды. “Апаңызга окшош экенсиз” деген да сөздөр жазылды.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу