Бек Борбиев: «Атамбаев гонорар төлөсө ырдап берем…»

Өнөр адамдарынын арасынан бул инсан саясатка жакындыгы менен айырмаланат. Ошол себептен мезгил-мезгили менен каарманым экөөбүз ара-чолодо саясат, андагы интригалардан кеп козгомоюбуз бар. Парламенттик жарышка катышууну максат кылган кең көкүрөк өнөр жылдызы депутат болуу дымагынан дагы да кайта элек.

— Бек мырза, Атамбаевдин доорунда бийликке айбат көрсөтүп, сын-пикир айтканга да үлгүрчү элеңиз. Жээнбеков бийлигинин ишке киришкенине бир жыл болду, негедир бүгүнкү бийликтин кемчиликтерине сын айтканыңыз байкалбайт го?

-Атамбаевдин ажо кезинде паспорттон кыргыз улутун алып салышты. Мен буга каршы чыктым. Четте карап, кайдыгер тура албадым. Кыргыз тилинин укугу бузулду («Мегаком» аркылуу), каршы чыктым. Мындай көрүнүштөрдү санай берсек көп экен. Баарында өзүмдүн позициямды билгизип жүрдүм. Мындан соң мага каршы президенттин  аппараты, бүтүндөй өкмөт бут тосуп иштей башташты. Унчукпадым. «Концерт койгонго зал бербегиле» деген буйруктарды беришкендеричи… Үч-төрт жыл үн  каткан жокмун. Телерадиолордон ыр, клиптеримди андан мурда эле алдыртып салышкан. 2016-жылдын акырында гана интернеттеги Фейсбук социалдык түйүнү аркылуу бул кысымдар боюнча пост жаздым. Ошол пост кыргыз Фейсбук дуйнөсүндөгү эң белгилүү, көп комментарий, «лайк» алган деп айтылып келет. Телеге чыкпасам да, концерт койбосом да, интернет бар экен, ырларым таркап, Россиядагы, дегеле сырттагы мигрант мекендештерге концертгеримди берип жүрдүм. Мен бийликке ар дайым сын айтып тургудай саясый серепчи эмесмин. Чыгармачылык көп убакытты талап кылат, убактым да жок. Бирок, улуттук баалуулуктарга коркунуч келсе, чыгармачыл эркин адам катары калыс оюмду билдирип туруу милдетим деп билем. Азыркы бийлик дагы мурдагылардай каталарды кетирсе, анда сөзсүз реакция кылам. Четте карап тура албайм. Менин коргоп калар бизнесим жок, мамлекетгик кызматга эмесмин. Элге аздыр-көптүр кадырым бар. Мен азыр айтпасам кийин абышка болуп, өткөн өмүргө көз чаптырганда өзүмдү кечирбей коёрум шексиз.

— Барган сайын Атамбаевдин бир кездеги «канат-бутактары» кыркылып, четинен камакка алынышууда. Ызасы башынан ашып бараткан Атамбаевдин туулган күнүндө же майрамдарда ырдап берүү сунушу түшсө, анын астында үндү бийик чыгарып, кубулжуган ырларыңыздан созуп бергенге даярсызбы? Бир кездери Бакиевдин алдына барып ырдаганыңыздан улам айтканым го…

— Менин милдетим — кайсы аудитория болсо да (эгерде өнөрүмө муктаждык болсо) кызмат кылуу. Ал чакырса эмне экен? Атамбаев гонорар төлөсө ырдап берем, мага канчалык бут тосуу кылганына карабай. Бирок, ал киши мени чакырарынан чоң шегим бар. Анткени, Атамбаев өзү деле ырдай алат го (тамаша).

— Бүгүнкү кырдаалга карата бааңыз кандай? Айтылуу Асылбек Жээнбеков менен мамилеңиз жакшы элеби?

-Асылбек Жээнбеков менен тааныштыгым жок. Болгону ал кишини сыртынан, маалымат каражаттары аркылуу эле билбесем. Ал эми бүгүнкү кырдаал жалпысынан канааттандырарлык. Эң сүйүндүргөн иштер — сырткы коңшу өлкөлөр менен ынтымакка келгенибиз, коррупциялык иштердин ачылышы, өлкө ичиндеги саясый абал стабилдүүлүккө багыт алганы. Кудай каарына калган элди жаман падыша берип кыйнайт экен. Буюрса мындай сыноо Кыргызстанга «өткөн чак» деп билем.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

БУЛАК:АзияNews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу