Бектур Асанов, коомдук ишмер: «Өткүрбек Жамшитов талабыбызды аткарбаса, чара көрүүгө аргасыз болобуз…»

— Бектур мырза, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн арыз жазган элеңер. Ага маани берген, талабьңарды эске алган жан барбы?

— 2016-жылы биз камалардан бир жума мурун ошол кездеги Башкы прокурор Индира Жолдубаевага Кубанычбек Кадыров экөөбүз Алмазбек Атамбаевдин 17-марттагы “булар эл бузарлар, буларды таш бараңга алгыла, киргизбегиле” деген “чагымчылдык” чакырыгы үчүн арыз жазганбыз. Ошол арызга укуктук баа берилсин деген таризде Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылдым. Анткени, Атамбаевдин ошол сөзүн бардык телеканалдардан бердиртип, бизди каралоого аракет кылышкан.

— Башкы прокурордон жарытылуу жооп алдыңызбы?

— Алдым. “Мыйзам баарына бирдей. Эгер Атамбаевдин аракетинде кылмыштын курамы аныкталса, камайбыз”- деди.

— Бул маселени Атамбаевден өч алуу үчүн көтөрүп жаткан жоксуңарбы?

— Биз бул маселени Атамбаевден өч алуу үчүн эмес, мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз экенибизди жана ал мыйзамсыз аракеттери үчүн эртеби- кечпи жооп беришин көрсөтүш үчүн көтөрүп жатабыз. Чынын айтыш керек, ал мезгилде Атамбаев өтө эле аша чаап кеткен. Талгарбековдор “Таластыктар эл эмес, Нарындыктар малсыңар деп неге айтканын сурагыла”- дегени үчүн камалышкан. Бул нерсе баарына сабак болушу керек. Анткени, “президент да мыйзамды буза албайт”- деген тыянакка келген мамлекет курушубуз керек.

— Эгер арызыңызга реакция болбосо, Башкы прокурор сизди алдап-солдоп кетирип кетирип коюп, маани бербей койсо не кы-ласыз?

— Мыйзамдуу жол менен аткарылышын талап кылабыз. 27-апрелдеги курултайда дагы бул маселе көтөрүлөт. Эгер тийиштүү чечим чыкпай турган болсо, курултайда чечим кабыл алынат деп ойлойм. Биз бул маселени мыйзамдуу жол менен чечүүнү талап кылабыз.

-Бабанов келет, курултайчы-лар да катуу талап менен чыгат деген маалыматтар болгон үчүн президент күн мурунтан парламенттен шашылыш кайрылуу жасадыбы?

— Президент шашылыш кайрылуу жасаганы менен туура маселени көтөрдү. Чындап эле бугун кээ бир күчтөр элди бетине кармап, соодалашууга аракет кылып жатат. Бул жагынан президентти колдойм. Президент эч кандай соодалашууга барбашы керек.

-Неге камактан чыгаар менен президенттин саясатын кош колдоп колдодуңар?

— Баарын салыштырып көрдүк. Президент реалдуу иштерди баштаганын, коррупция менен күрөшкөнүн колдоого алдык. Бирок, биз бир беткей эле президентти мактоодон алыспыз. Катачылыгын кошо айтып жатабыз. Болгону, журналисттер сындаган эмес, мактаган жерибизди жаза беришип, президентти гана колдогондой таасир калтырып коюшту. Биз президент сот реформасын ишке ашырбай жатканын ачык эле айтып жатабыз. Көз карандысыз соттор болмоюн демократиялуу укуктук мамлекет кура албайбыз деп. Эгер президент сот реформасын ийгиликтүү жасаса, тарыхта алтын тамга менен калмак.

Өкмөт да иштеп жаткан дай турк көрсөтүп, бир канча кишини жумуш менен камсыз болчу дымактуу планын ортого сала баштады. Премьер-министр айткан нерсенин баары ишке ашабы же кагаз бетинде гана калабы?

-Конституция иштебей жаткан үчүн ушундай нерселер орун алып жатат. Эгер конституция иштегенде баары ордуна түшмөк. Башкача айтканда Парламент азыркыдай кылчактайбай өз ишин жасамак. Өкмөт өз милдетин аткарып, жыйынтыгында экономика жогорулап, Кыргызстан өнүгүү жолуна түшмөк. Негизи иш билги парламент келмейинче экономикалык да жылыш болбойт. Таза шайлоо менен парламент шайланмайын өкмөттүн иши алдыга жылбайт. Бул өкмөт менен парламент эч нерсе жасай албайт. Булардын алсыздыгынан экономика көтөрүлбөй, сот реформасы алдыга жылбай жатат.

-Эгер өкмөт ишин илгерилете албаса, президент неге азыркы өкмөттү колдоп койгула деген тымызын тапшырма берди?

-Менин оюмча президентке да кайсы бир иштер үчүн кандайдыр бир убакыт керек болуп жатышы мүмкүн. Ошон үчүн  өкмөткө аванс алып берүүгө аракет кылды. Ошол иштерди ишке ашыруу үчүн убакыт керек болуп, парламентти өкмөттү колдотту окшойт деген ойго кептелдим.

-Бабанов келем деп келбей калып, саясий банкрот болдубу?

-Бабановдун аракети уят эле иш болду. Элге сөз бергенден кийин аткарыш керек болчу. Коркуп кетип ар кандай шылтоону айтпашы керек эле. Саясий партиянын лидери эле эмес айылдык кеңешке депутат болом деген кишиде дагы кичине болсо да жүрөк болуш керек. Жүрөк болбосо кетенчиктей берип, кадыр-баркын жоготуп алат. Бабановдун келбей койгону өзүнө эле жаман болду.

-Камакта жатканда кысымга туш болдуңарбы?

-Башында моралдык кысымдар байма-бай болуп жатты. Бирок, аларга сынбадык, чөкпөдүк. Керек болсо, каралардын мыйзамынан мамлекеттик мыйзам жогору экенин далилдедик.

-Сиздер кургак ачкачылык кармап жатканда, күч менен айран ичирип, нан жедириптир деген маалыматтар чыккан. Ошол чынбы?

-Андай күчкө  салуу болгон жок. Бирок, үч күндөн кийин саламаттыгыбыз начарлап кетпесин деп витаиндерди берип жатышты.

-Ачкачылыктан реакция болуп, сиздер күткөн жыйынтык болдубу?

-Биз күткөндөн да көп жыйынтык болду. Коомдук пикир жараттык. Коомчулуктун көңүл борборунда болдук.

БУЛАК: Майдан. кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу