Бекназаров: Жээнбековду көз карандысыз президент болушу менен куттуктайм

Сооронбай Жээнбеков эми гана эгемендүү президент болду. Бул тууралуу пикирин саясатчы Азимбек Бекназаров “Маралга” берген маегинде айтты. Буга чейин бир топ саясатчылар алардын мамилесинин үзүлгөнүнө ишенбей келгенин айтты.

— Мен бүгүнтөн баштап алардын “ажырашканын” билдим. Жээнбековду көз карандысыз президент болушу менен куттуктайм. Эми Жээнбековдун алдында бир эле маселе бар. Өзүнүн ким экенин көрсөтүшү керек. Ал реформага барып, бири-бирине окшош болгон Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин системасына өзгөртүү киргизип, жыйынтык көрсөтүшү керек,-дейт Бекназаров.

Ал президент Сооронбай Жээнбековго эми гана жол ачылды деп эсептейт. Эми айланасындагы Атамбаевдин кадрларын кызматтан алып, кадр саясатын туура жүргүзүүнү сунуштады.

Булак: Марал 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу