Бекназаров: “Бүркүт олжосун тебет да кете берет, карга-кузгун олжосун талап жейт”

—Азимбек Анаркулович, экс-президент Алмазбек Атамбаев сизди кадимки тарп аңдыган кузгун-жоруларга салыштырды, кандай жооп бересиз?

—Ал мурда дагы муну көп жолу айткан, мен ага теңелип унчуккан эмесмин. Биринчиси, кыргызда: «Күкүк өз атын өзү айтат» деген сөз бар, аны билесиңер. Экинчиси, Атамбаев айткан эгемен доорундагы тарыхый окуяларда (Аксы, Апрель, Июнь окуялары) мен Түндүк-Түштүк дебей элдин башында жүргөнүм чын, Атамбаевге окшоп үйүмдө бекинип жатпагам. Үчүнчүсү, Атамбаев 7 жыл бою эки революцияны мен жасагам деп тарыхты бурмалап келди. Азыр эки революцияда төгүлгөн канга мени күнөөлөп, ал эми жеңишти өзүнө ыйгаргысы келип жатат, бул соо адамдын логикасына туура келеби? Төртүнчүсү, бүркүт көздөгөн олжосун ыргыта тебет да, андан ары учуп кете берет. Артынан ээрчип жургөн карга-кузгун анын олжосун талап жейт. Эми карагыла, 2005-жылы март революциясынан кийин мени 5 ай 19 күндө Башкы прокурорлуктан кетиришип, Акаевден калган бийлик менен байлыкты Бакиев ага-ини балдары менен талады. 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Бакиевден калган сарпынды бийлиги менен байлыгын Атамбаев шопуру, жансакчысы, катчылары менен талап алды. Мен Атамбаев менен бир күн да иштебедим, Бакиевден калган байлык менен бийлигин талаган жокмун. Атамбаев азыр да кузгундай болуп байлык менен бийлигин мураскоруна бергиси келбей, чыр салып отурат. Эми ким бүркүт да, ким кузгун экенин жалпы калайык калк өзү таразага салып, талдап алсын.

Маектешкен: Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу