«Бекназаровдун Аксысында…»-деп жээрип жүргөн Атамбаевге эми аксылыктар керек болуп калдыбы?

 

Бүгүн, 17-мартта 2002-жылы Акаевдик режимде Үзөңгү-Кууштун Кытайга өтүп кеткенине нааразы болуп чыккан элге каршы ок атылган. Аталган каргашалуу окуяга быйыл 17 жыл толду. Бүгүн, экс-президент Алмазбек Атамбаев тарыхый окуяны шылтоо кылып, «Форумда» куран окутам деп, элди чогултуп жатат. Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев Аксы курмандыктарын мынтип «кайгырып» эстеген деле эмес. Ал тургай, «Бекназаровдун Аксысына барганда…»-деп сүйлөгөнү элдин кыжырын кайнаткан.
Атамбаевдин иш-чарасы Аксы каргашасын эскерүү эмес эле, элди чогултуп алып өзүнө айтылып жаткан сындарга актануу болуп жатат. Ал, Аксы каргашасын эскерүүнүн ордуна, бийликти сындап, өзүн актаганга аракет кылууда. Атамбаев арбактардан да коркпой калган окшойт, эми көзү өтүп кеткендерди бетине кармап, аларды саясий курал кылып, куранды дагы жеке кызыкчылыгына пайдаланды.
Атамбаевге бир чети элдин ишеними такыр жок. Жакында эле эл аралык уюмдардын иликтөөсүндө Кыргызстандын элинин 97%ы экс-президентке ишенбейбиз деп көрсөтүшкөн. Элдин ишениминен чыгып калган экс ажо, арбактарга таянып баштаган тура..

Аргумент.kg
Жооп калтыруу