Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер: “Саясий тирешүү, чыңалууга негиз жок. Атамбаевдин “соодасы” бүттү!..”

– Бекболот мырза, сиз 26-июнь күнү “Апрель” телеканалы уюштурган телемарафондо сүйлөп,“эртең тарыхый күн болот” деп айттыңыз. Ал аныктамага түшүндүрмө берсеңиз?

– Мен, 2011-жылы шайлоодо Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер болгондо эле ал кыргыз элине, мамлекетине Ала-Тоодой кесепет алып келээрин эскерткем: “Кыргызстанды кара туман каптап турат. Ал – Атамбаевдин сөзү, иши, саясаты” – деп. Анын тубаса алдамчылыгын, жүзүкаралыгын, ач көздүгүн баса белгилегем. Талапкер Атамбаевдин программасынын өзөгү – “кыргыз” деген улутту унуткаруу, жоготуу – ошол кездеги “элитаны” эч түйшөлткөн эмес. Кайдыгерлик мамиле болгон. Жыйынтыгы: Атамбаевдин президенттик бийлигинде ал максат жүзөгө ашып, паспорттон “улуту” деген графа алынды.

Атамбаевдин алты жылдык башкаруусу – кыргыз элине кастык иш-аракеттер, толгон-токой афералар болгону бүгүн жалпыга маалым. Дастан Сарыгулов белгилегендей: “Калмак баскынчылары кыргыз элине кандай бүлүк салса, Атамбаев андан чоң зыян келтирди”. Ал эми мен 2014-жылы эле: “Атамбаев – миң жылда бир келчү кырсык” деп, аны кеңири негиздегенмин. “Кыргыз элибизди ошол “кырсыктан” учурунда кутулталы”- деп отуздай саясатчылар Атамбаевдин “зынданына” түштүк. Жүздөгөн саруулуктар запкы тартышты. Саясатчылар да, саруулуктар да кыргыз элин “миң жылдык кырсыктан” кутулта алышпады. Арамза, куйту Атамбаев “бөрк ал десе баш кескен” жасоолдорун колдонуп, жалган жалаа токутуп, баарыбызды узак жылдарга абакка тыктырды. Үй-бүлө, туугандарыбызды азапка салып, алардын түбөлүк каргышына калды. Үмүт жаңы бийликте эле. Бирок, президент Сооронбай Жээнбековдун тазалануу, жаңылануу саясатын укук коргоо органдары саботаж жасап, Атамбаевге каршы толгон-токой далилдер турса да, кылмыш иш козгошподу. Ошентип, эч ким жасай албай койгон эрдикти, баатырлыкты азыркы, алтынчы чакырылыштын депутаттары көрсөтүштү. Алар 27-июнь күнү Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратып, тарыхый иш жасашты. Алты жыл чексиз көөп, “кыргыз мамлекети – бул мен!” деп турган зулум бир күндө “саясий өлүккө” айланды. Ошол себептен, 2019-жылдын 27-июнь күнү – тарыхый күн. Ал күндү Атамбаевдин бузуку, кыйроо мезгилинин аякташы жана жаңы үмүттөрдүн, ынтымактын, жемиштүү иш-аракеттердин мезгилинин башталышы катары кабыл алалы. Мындай зор бурулушту жасаган учурдагы парламент – тарыхый парламент! Ошону менен бирге, Жогорку Кеңеш Атамбаевге илген беш айып болгону юридикалык негизделген айыптар экенин эстен чыгарбайлы. Анын экономикалык диверсиясы (“Бир бол” фракциясынын доклады), кыргыз элин мазактоосу ж.б. толгон-токой ыплас, бузуку иштери аталган беш айыптын ичине кирбеди. Ошондуктан, “эрдик кылсаң сүрөө кыл!”-деп акылман элибиз айткандай, күзүндө Жогорку Кеңеш атайын мамлекеттик комиссия түзүп, ага коомчулуктун өкүлдөрүн кошуп, Атамбаевдин алты жылдык иш-аракетине комплекстүү (саясий, укуктук, моралдык) баа берүүсү зарыл. Эгер депутаттар бул кадамга барбаса, анда саясий туткундар Элдик Курултай менен биригип, атайын Элдик трибунал уюштуруп, Атамбаевге жана анын жан-жөкөрлөрүнө өзүбүз чечим чыгарабыз.

– Депутаттык комиссия Атамбаевге алты айыпты аныкташты эле. Башкы прокуратура болсо алардын бешөөсүн калтырып, ал эми “саясий куугунтук” жана “бийликти узурпациялоо” боюнча далилдер жетишсиздигин айтып, аларды тизмеден алып салды. Туура чечим болдубу?

– Саясий куугунтук боюнча айтсам, биз, саясий туткундар, президент Атамбаевдин былык иштерин учурунда ачыктаганыбызга, ага каршы чыкканыбызга сыймыктанабыз. Биздин катачылык – Атамбаевдин түлкүдөй куу, митайым экенине учурунда жетиштүү баа бере албай, ал жайган “торго” түшүп калганыбызда. Жаңы президент Сооронбай Жээнбековго “бизди актатпады же толук актатпады”- деп доомат арта албайбыз. Анткени, абалды түшүнүп турабыз. Бир жарым жылдан бери күч-сот түзүмдөрү президенттин жаңы саясатына саботаж гана жасап келе жатышат. Экс-депутат Бөдөш Мамырова таамай белгилегендей: “Жээнбеков кара жанын карч уруп, жалгыз аракеттенип келе жатат. Жанында чын дилинен жардам берген жогорку рангдагы бир да жетекчи жок”. Ошол себептен, саясий туткундардын ичинен жалгыз Тойгонбек Калматов аксакалыбыз гана толук акталды. Мен жана Төрөбай Колубаев жетимиш пайызга акталдык. Калганы жарым-жартылай акталышты (Д.Сарыгулов, Б.Асанов, К.Кадыров, М.Султанов ж.б.) же акталыша элек (Ө.Текебаев, М.Мырзакматов, С.Жапаров, Э.Карыбеков ж.б.). Демек, башкы прокурордун “азырынча Атамбаевге саясий куугунтук боюнча күнөө коюуга далилдер жетишсиз” дегенин түшүнсө болот.

– Атамбаевдин бийлигиндеги саясий туткундар качан “толук акталат” деген ойдосуз?

– Баарыбызды кийинки, жетинчи чакырылыштагы парламент толук актайт. Ага эч күмөнүбүз жок. Ал күн да алыс эмес. Атамбаев саясий куугунтук үчүн акыры жоопко тартылат. Анын саясий куугунтугу 1937-38-жылдардагы репрессиянын көчүрмөсү. Бир гана айырма бар. Кыргызстанда учурда өлүм жазасы боюнча берене жок. Эгер болгондо Атамбаев саясий туткундарды аттырып салып, адатынча арамзаланып, “сот, прокурорлор өздөрү жооп беришсин” – деп четке чыга бермек.

-“Узурпация” боюнча пикириңиз кандай?

– Ал боюнча башкы прокурор менен таптакыр макул эмеспиз. Атамбаевдин башкы күнөөсү – дал ошол мамлекеттик бийликти “узурпациялоосу”. Анын “кыргыз мамлекети – бул мен!” деп саясат жүргүзүп, иш алып барганында. Ага жүздөгөн, миңдеген далилдер бар. Учурунда генерал Өмүрбек Суваналиев белгилеген: “Биздин мамлекетте соттор – бул Атамбаев, парламент – бул дагы Атамбаев, өкмөт дагы Атамбаев”. Мен бир эле мисал келтирейин. Президент Атамбаев 2013-жылы “Улуттук стратегия” деген программа кабыл алдырган. Андагы 76 долбоордун автору Атамбаев өзү экенин ал кездеги премьер-министр Темир Сариев расмий жарыялаган (13.05.13.). Бул – аткаруу бийлигин узурпациялоо эмеспи? Атамбаевге “узурпация” күнөөсү коюлбаганы – анын алдында чөгөлөгөндүк. Бул маселе кайра көтөрүлүш керек.

– Эмне себептен Башкы прокуратура президент С.Жээнбековго ишенимдүү жөлөк боло албай жатат?

– Күнөө жетекчисинде эмес. Атамбаев прокуратурадан тергөөнү алып, аны УКМК алдында мыйзамсыз түзүлгөн Коррупцияга каршы кызматка (АКС) өткөрүп салган. Азыркы прокуратура алсыз орган. Мен үч жыл мурда эле АКСты жоюп, өз алдынча Тергөө комитетин (Россиядагыдай) түзүүнү сунуштагам. Себеби алдыңкы эки-үч жылда Башкы прокуратура Атамбаевдин афераларын изилдөөдөн башы чыкпай, башка маанилүү иштер артка жылат. Ошондуктан, Тергөө комитетин түзүп, Атамбаевге байланыштуу иштерди толугу менен ага өткөрүп бериш керек. Ал эми Башкы прокуратура мыйзам аткарылышын көзөмөлдөө менен гана алектениши абзел.

– Өлкөдө мындан ары абал кандай өнүгөт? Саясий тирешүү күчөбөйбү?

– Саясий тирешүү, чыңалууга негиз жок. Атамбаевдин “соодасы” бүттү. Анын “Дон-Кихоттук жоруктары” эми майнапсыз. Өмүрбек Текебаев сунуш кылгандай, аны камоого шашылыштын зарылдыгы жок. Ал Кой-Ташта саясий шоусун улантып, зериккен айылдаштарга тамак, концерт берип, кызыккан журналисттерге эрмек болуп, дагы бир-эки ай жүрө турсун. Ал убакта Башкы прокуратура далилдердин баарын шурудай тизип, кынтыксыз айып документтерин даярдап, анан күзүндө жетелеп келип УКМК СИЗОсуна киргизип коюшу керек. Атамбаевдин тарапташтарында С.Жээнбековду сындаганга учурда бир эле “көзүрү” калды. Ал – азыркы бийликтин “ташбака” жүрүшү, олуттуу реформалардын жоктугу. Мына ошол “көзүрдү” эми жокко чыгара турган убакыт да келди, шарт да түзүлдү. Учурда бийликке олуттуу оппозиция жок. Калктын бир бөлүгү – бийликти жактоочулар, бир бөлүгү – көңүл коштор. Өткөндө мен сизге маек берип, президент Сооронбай Жээнбековдун алдында зор үч маселе бар экенин белгиледим эле. Бирөө ишке ашты. Ал – Атамбаевдин “соодасы” бүткөнү. Эми экинчи маселеге – ири инвестиция тартууга батыл киришүү зарыл. Жээнбеков быйыл 14 млрд долларга инвестициялык келишим түзүүгө жетишти (Россиядан – 6 млрд, Кытайдан – 7 млрд, Франциядан – 1 млрд доллар). Өкмөт болсо, биз билгенден, алардын бир долларын да алып келе элек. Президент эми өкмөттөн катуу сурайбы же жокпу? Маселе ушунда. Жээнбековдун үчүнчү зор маселеси – бул укуктук-соттук реформа. Бул жак “капкараңгы” турат. Кыязы, күч-сот түзүмдөрүндө толук бойдон калышкан Атамбаевдин кадрлары Жээнбековго реформа жасатышпайт көрүнөт. Эч кыймыл же жылыш жок. Демек, дээрлик эки жыл эл күткөн өзгөрүүлөрсүз өтүп жатканына президент көңүл бөлүп, жаңы демилге, жаңы күч-кубат менен иш алып барса жакшы болоор эле.

Маектешкен: Нургазы Анаркулов

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу