Бекболот Талгарбеков бир берене боюнча акталды

Жогорку сот «Элдик парламент» деп аталган коомдук кыймылдын лидери Бекболот Талгарбековду коюлган Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси (“Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу”) боюнча актады. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Тимур Жанаев билдирди.

Анын айтымында, сот мындай чечимин кылмыштын курамы жок болгону менен негиздеди. Соттолуучуга карата коюлган экинчи, 299-берене (Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу”) боюнча жаза ошол бойдон калды.

Тимур Жанаев түшүндүргөндөй, муну менен Талгарбековдун жаза мөөнөтү 9 жылга кыскарып, 5 жыл болуп белгиленди. Соттун чечими чыкканга чейинки убактылуу кармоочу жайда отурганы жана буга чейинки отурганы эсептелгенде саясатчынын мөөнөтү быйыл бүтүшү мүмкүн.

2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту ​»Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевге 14 жылдан, Александр Гусевге 6, Тойгонбек Калматовго 5 жыл шарттуу түрдө, Марат Султановго 10 жыл жаза мөөнөтүн берген. 2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаардык соту ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Аталган саясатчылар 2016-жылдын май айында «бийликти басып алууга ниеттенди» деген айып менен кармалган.

2018-жылы Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султановдун арызын өзүнчө караган Жогорку сот анын жазасын беш жылга кыскарткан. Калгандарынын иштерин Жогорку сот карай элек.

Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келишет. Сот башынан аягына чейин жабык өткөн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу