Бегимай Карыбекова, модель: «Сулууларды капчыгы калың жигиттер тандайт»

Бегимай Карыбекова өзгөчө жүзү менен бир нече өлкөнүн подиумун багындырып келаткан модель. SUPER.KG порталынын түз эфирине атайын Алматыдан келген Бегимай күйөрмандары берген суроолорго тамаша-чыны аралаш жооп берип, көпчүлүктүн мактоосуна арзыды.

– Моделдердин туруктуу жумушу жок болгону менен, кымбат унааларды айдап, чет өлкөлөрдө эс аласыңар. Мындан улам моделдерде демөөрчүлөр болсо керек деген ойдо каласың. Чын эле ушундайбы?
– Менин демөөрчүлөрүм бар. Ал менин үй-бүлөм, бир туугандарым. Кыргызстанда калып калбай, чет өлкөдө иштесең жакшы эле акча табасың. Чет өлкөгө эс алуу үчүн жана жумуштарым менен чыгам. Бир тууган эжем Европада жашагандыктан сагынып чакырып турат. Моделдик агенттиктер модель издеп кастингге чакырышат. Алардын фотосессияларына катышабыз, ар кандай майрамдарга конок катары чакыруулар түшүп турат.

– «Чет өлкөлүк бай кишилер модель кыздардын эс алуусун каржылап берет. Алар болсо ошол кишилерге «кызмат» көрсөтүшөт» деп уктум эле. Ошондой жол менен Дубай, Хайнанды көрүп келген бир кызды жакшы тааныйм. Бул чөйрөдө жүргөн сенде маалымат көп болсо керек?
– Илгертеден сулуу айымдарга улуусу да, кичүүсү да көз артып келишкен. Мисалы, тарыхта калган Ак Мөөр менен Жантай чал, Раймаалы менен Бегимайды жакшы тааныйбыз. Ошондуктан бул кептерге таң калбайм деле. Ар кимдин жашоосуна кийлигишким келбейт. Силерге да ошондой кеңеш бергим келет.

– «Дүйнө сулуусу-2017» сынагына мамлекеттин желегин желбиретип, кыргыз кыздарынын сулуулугун даңазалаганы бара жатасың. Сага өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлдүбү?
– Мамлекет өзү жардамга муктаж болуп турганда жардам сурабай эле коёюн дедим. Бутуң басып, тилиң сүйлөп, иштегенге ден соолугуң болгондон кийин колдон келсе өзүң жардам беришиң керек.

– Кыргызда сендей ажарлуу кыздын бар экенине ичимден кубанып алам. Дүйнөлүк сынакта өзүңдү, өлкөнү татыктуу көрсөтүп кел. Жок дегенде алдыңкы ондукка кирсең сүйүнөт элек.
– Рахмат, бештикке киргенге болгон аракетимди жумшайм. Бирок бул менин гана эмес, өлкөбүздүн экономикасынан да көз каранды. Себеби саясатташкан сынак деп айтсак да болот. Анткени сынакта көбүнчөсү бай мамлекеттин кыздары жеңүүчү аталат.

– Эмнеге кыска кийинип, киндигиңди көрсөтүп сүрөткө түшө бересиң?
– Сиз 4-5 жыл мурунку сүрөттөрдү көрүп калсаңыз керек. Чоңойгондо кыска кийбей калат экенсиң. Мага ден соолук керек, ошондуктан көчөдө кыска кийинип жүрбөйм. Моделдик жумушка шылтап эч качан жылаңач чыккан эмесмин. Киндикти ачкандан да оозун ачкан жаман (күлүп).

– Сени сыртыңдан жакшы көрүп, суктанып жүргөн жигитмин. Бирок сулуулар капчыгы калың жигиттерди тандашат. Сен жөнөкөй жигитке турмушка чыгат белең?
– Сулуулар эмес, сулууларды капчыгы калыңдар тандайт деп ойлойм. Өзүм деле жөнөкөй кызмын. Сезимдер болсо жөнөкөй жигитке турмушка чыгууга макулмун. Мага жигиттердин капчыгынан да билими маанилүү.

– Өспүрүм курак көпчүлүк адамда оор өтөт. Сени «эрте жетилип, ата-энесине 14-15 жашында эле баш бербей Ак-Талаадан Бишкекке келип өзүнчө жашап баштаган» дешет. Ал убакта ким колдоо көрсөттү?
– Балалыгым Нарындын Ак-Талаа районунда өткөн. Ата-энем Бишкекте жашашчу. Төрөлгөндөн баштап чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгом. Чоң атамдын көзү өтүп кеткенине байланыштуу Бишкекке көчүп келгенбиз (Бегимай чоң атасы тууралуу айтып жашып алды). Бишкекке чоң апам, эжем болуп чогуу көчүп келгенбиз. Андан бери ушул жашка чейин ата-энем менен чогуу жашайм. Ошол убакта ата-энем колдоо көрсөткөн. Чоң атамды аябай сагынам, эстеген сайын ыйлай берем. Анткени ал дайыма «ушул кызымдан көрүнүктүү адам чыгат» деп үмүт кылчу. Анын үмүтүн актаганга болгон күчүмдү жумшап келем.

– Модель Таттыбүбү Самидин кызы менен мамилең жакшы болсо керек. Анын сөгүнгөн видеосун көрүп оозум ачылган. Сен дагы сөгүнөсүңбү?
– Таттыбүбү менен 6 жылдан бери таанышпыз. Жашоодо ар бир адамда өйдө-төмөн болот. Эмоцияга алдырып койду окшойт. Таттыбүбү созолонгон кыз болгондуктан «сөгүнгөндү билет экен» деп таң калгам. Өзүм сөгүнүп сүйлөбөйм, кээде «жаргон» сөздөр колдонулуп кетет.

– Сизди сулуулук сынагында таажыны сатып алды дешет. Ушул чынбы?
– Сатып алган адам эч качан сатып алдым деп айтпайт. Албетте, бул тамаша. Жеңүүчү болгонума тажрыйбам жардам берди.

– «Кыргыздар качан эле төшөктө жатып өлчү эле?» дегендей, кыргыздар качан эле жылаңач модель болчу эле?
– Кыргыздар эч качан төшөктө жатып өлгөн эмес жана WhatsApp`ка кирип ар кандай сөздөрдү жазып ич күйдүлүк кылган эмес. Эгер менин күнүмдүк кийимимди жылаңач деп эсептешсе, анда элдин баары эле жылаңач жүрөт.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу