Бегимай Карыбекова «Дүйнө сулуусу-2017» сынагына катыша албай калды

Кыргыз өлкөсүнүн атынан «Дүйнө сулуусу-2017» сынагына катыша турган Бегимай Карыбековасынакка барган жок. Бул тууралуу сулуу интернеттеги жеке баракчасына жарыялады.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Бегимайдын сынакка катышпай калуусуна Кытай өлкөсүнө баруу үчүн виза берилбегендиги себеп болгон. Ал ушул күндөр аралыгында колдоо көрсөткөн бардык адамдарга өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, бул абал аны сындыра албастыгын, тескерисинче, ага күчтүү болууга түрткү берерин жазган.

Бегимайдын менеджери Бектур Усеновдун айтымында, алар виза берилип калат деген үмүт менен күтүшкөн, бирок бул тилектери орундалган эмес.

«Биз азыркы мезгилге чейин визаны эмне себептен бербей жаткандыгын билбейбиз. Сынак башталды, Бегимай бара алган жок», — деп билдирди менеджер.

Айта кетсек, Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан «Дүйнө сулуусу-2017» сынагына дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн бийкечтер катышат. Сынак 20-октябрда башталган, ал 19-ноябрга чейин уланат.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу