Бегимай Бекбоева, ырчы: «Мен эч кимдин үй-бүлөсүн бузган жокмун, Кудай алдында акмын…»

Сахнадан алыстап кеттиңиз, учурда эмне менен алексиз?

— Сахнага буюрса кайтайын деп жатам, ден-соолугума байланыштуу бир аз ооруган үчүн 2 жыл чыгармачылыктан алыстоого туура калды. Азыр дагы дарыланып жүрөм, жакында дарылануум бүтсө, анализдерим жакшы чыкса  баары алдыда. Анын үстүнө азыр ыйык Рамазан айы болуп калды. Кошумча тармактык бизнес менен иштеп жатам.

— Качан жаңы чыгармаларга күбө боло алабыз?

-Мен өзү башынан эле атамдын аты менен таанылгам десем болот. Чыгармачылыгым токтоп калса деле тойлорго барсам же көчөгө чыксам мени дароо таанышат. Мунун баары атамдын эмгеги деп билем, анткени мени атам 2005-жылдары эл алдына алып чыгып, атымды ушун- чалык тааныткан, айылдагылар шаарга келишсе да көргөн жерден: “сизди тааныйбыз, биздин айылга келгенсиз”- деп айтышат. Ырым чыкпаса да өзүмдү таанып турушат, муну айтканымдын себеби, кээ бир ырчылар бар, алардын аттары таанылган эмес, “бул ырды ырдайт го” десең “аа” деп таанышат. Ошондуктан менин атымды атам элге тааныткан, Кудай буюрса дагы да ырдап чыгам. Баары бешенеден экен, эл билгендей эле атам-апам эки ажырым жолго түшүп кетишти, ошондон улам дагы бир аз аксап калдым десем болот. Бирок баары алдыда, азыр күчтөнүп турам.

— Ата-апаңыз менен мамилеңиз кандай?

— Баары турмуш экен, атам өз жолу менен кетти, апам өз жолу менен, мен ортодо баламын. Туура, мен 30га чыгып калдым, бирок ошентсе да мен ошол эки таланттуу адамдын баласымын. Алардын ортосунда эмне болгонун, эмне себептен ажырашып кетишкендери — атам менен апамдын ортосундагы маселе. Аны бир гана Аллах билет. Болгону биз атам менен калдык, анткени атам дайыма биздин жаныбызда болгон, бизге тарбия берген, мээримин төккөн. Бирок Бирок ошентсе да апамды деле күнөөлөбөйм, балким маселе башка нерседе болгон. Кандай болгон күндө да апам өзүнүн жашоосун тандады, атам өзүнүн жашоосун тандады. Мен ушул күнгө чейин “Инстаграмдан” же башка жактардан экөө тең жакшы жашоодо жашап жаткандарын көрүп турам, Кудайга шүгүр кылам. Экөө менен тең сыймын, көргөн жерден жакшы сүйлөшөм. Биз атама “үйлөнүп альңыз” деп айтканбыз, азыр анын да өз үй-бүлөсү бар. Мал чарбачылыгы менен алектенип жүрөт. Бала кандай болгон күндө да ата-энесин ойлойт да, кийин “атаң минтип калыптыр, апаң ооруп калыптыр”- дегенден көрө экөө өз жашоосунда бактылуу жашашса — ошол мага жетиштүү, мен ошого кубанам. Ата-энем оорубасын деп 5 маал намазда да дуба кылам. Мен үчүн негизгиси алардын аман болгону.

— Аша чапкан күйөрмандарыңыз болду беле?

— Ооба, аша чапкан күйөрмандар көп эле болот. Мен жашоодо текебер адамдарды аябай жаман көрөм. Себеби биздин үй-бүлөбүздүн бузулганынын себеби да апам тараптан текеберчиликтер көп болуп кеткендиги болду. Биз, ырчылардын негизги милдетибиз — өзүбүздүн сырткы талантыбызды көрсөтүү да, ошол биздин кесибибиз. Мен мисалы сахнада башка адаммын, достор арасында башка, үй-бүлөдө башка, жеке жашоомдо тап- такыр башка адаммын. Жашоодо аябай жөнөкөй адам болгонго аракет жасайм, колунда жок адам менен достошконду, чогуу көтөрүлгөндү жакшы көрөм. Мен Аллахтан корком. Менин сол колумда “Аллах” деген жазуу да бар. Кээ бир күйөрмандарга жөнөкөй болсоң аябай теңтуш болуп алат, жаман сөздөрдү айтат. Андай учурда мен ал адамды өз ордуна коём, тиешеүү жообун берем. Мисалы “Инстаграмдагы” аша чапкандар менен урушуп отурбай эле кара тизмеге салып коём.

— Жеке жашооңузда кандай жаңылыктар, өзгөрүүлөр бар?

— Жеке жашоомдо азыр жаңылык жок. Азырынча ал түшүнүктү бир аз жыйыштырып турууну чечтим. “Кыз киши 18 жашка чыкканда күйөөгө бериш керек”- дегенге эми гана түшүнүп баштадым. Азыр ойлоп көрсөм кыз эч нерсени байкай элек, жаш кезинде тийгени жакшы экен. Жаш өткөн сайын, өзүң акча таап, унаа сатып алып, өзүңдү камсыздай алган сайын эркектер жакпай баштайт экен. Бул дегеним эми мырзалардын сүйлөгөн сөзүн сынап, “бул эмне дейт, эмне кылат” деп маани бересин дегеним. Мен 29дамын, мага туура келе турган менин курагымдагы эркектер азыр үй-бүлөлүү, балалуу болуп калды. Кээде менден кичүү балдар колумду сурайт, сүйлөшүп көрсөм алар менин менин дүйнө таанымым төп келбей калат экен. Менден улуулар “экинчи аял бол” дешет же бир ажырашканга тийиш керек болот. Ошондон улам дагы азырынча түгөйүмдү таба элекмин, келечекте бир-эки жылдай чыгармачылык менен катуу алектенем. Анан мени түшүнө билген адам чыкса турмушка чыгам. Өз кызыкчылыгы үчүн эмес, дайыма колдоо көрсөтүп турган атамдай адам таппай жүрөм.

— “Ырчы Дайыр Исмадияров менен мамилеси бар”- деген кептер тарады эле, бул тууралуу эмне дей аласыз?

— Дайыр менен биз 9 жыл дос катары ага-карындаш болуп сүйлөшүп жүрчүбүз. Мен оңой менен таарынбайм өзү, ал мени өтө жаман таарынтып алгандан улам такыр байланышпай койгом. Ошол бойдон 2 жылдан кийин чалып кечирим сурап, орозодо сүйлөшүп калдык. Жолугуп, кайра жарашып, бири- бирибизге жашообузда эмне болгонун айттык: ал мага үйлөнүп ажырашканын, мен ага ата-апамдын ажырашканын айттым. Анан сүйлөшүп жүрүп “Адашкан жолдор” деген ыр чыгарып, клип тартабыз деп жүрүп нике шакеги менен сүрөткө түшүп Киргизии койдук. Ошондон баштап эле ызы-чуу болуп кетти. Мен эч кимди бузган дагы жокмун, Кудай алдында акмын. Азыр дагы урушуп жүрөбүз. Ортодо сүйүү деген сезим жок.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу