Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Партиялар тизме түзүүнү бизнеске айлантып алышты”

— Бегалы мырза, Владимир Зеленский президенттик кызматка киришер замат парламентти таратып ийди. Кандай деп ойлойсуз, бизге да ошондой кадам керекпи?

-– Парламентти таратып, жаңы шайлоо өткөрсөк деле баягы эле боккурсак олигархтар менен алардын аткошчулары келет да. Анткени, Текебаевдик-Атамбаевдик Конституция түзгөн шайлоо системасы мыйзам чыгаруу бийлигине кокустан келген адамдардын санын көбөйтүүдө. Партиялык тизмени аукциондук тизмеге айлантты. Ар бир партия шайлоо чыгымдарына деген шылтоо менен акча жыйноо үчүн тизме түзүүнү бизнеске айлантышты. Ким 500 миң доллардан төлөсө, тизменин алдына, 300 миң бергени ортого, 200 миң бергени үчүнчү сапта, дагы ушинтип артка жылып кете берет. Шайлоочулар болсо добушун миң сомдон ачык сатышат. Ошондо орун алмашуудан бир нерсе өзгөрөбү? Келерки шайлоого болгону бир жыл калды, ошондуктан, ызы-чуусуз эле кийинки жылы өз убактысында эле өткөнү жакшы.

Биздин добушун миң сомго саткан шайлоочулар менен депутаттык мандатты миңдеген долларга сатып алган элитабыздын сапаттык курамы да көп ойго батырат. Зеленскийдин жөнү башка. Ал 73% добуш менен чыныгы демократиялык шайлоодо жеңип келди. Ошондуктан, коркпостон туруп, парламент менен тирешке чыкты. «Реформаларды жасайм» деген дымагы күчтүү. Деги эле шайлоочулары миң гривенге добушун сатышпайт. Ошондуктан, Украинанын жаңы президенти жасаган кадамдарды бизге түз көчүрүп алуу мүмкүн эмес. Элитанын да, шайлоочулардын да сапаттык курамы эки башка камырдан жуурулган. «Казга теңелип, карганын буту сыныптыр» болбойлу.

-– Саясый серепчилердин прогнозу боюнча, эмки парламентке мындан да капчыктуулар, башкача айтканда, жалаң «базаркомдор» келиши мүмкүн. Андайды болтурбай коюунун кандайдыр бир айласы, механизмдери барбы?

-– Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жолу менен 120 эмес, 70 депутаттык парламентти шайлоо. Анын 35и партиялык тизме менен, 35и бир мандаттуу округдардан шайлоо керек. Шайлоолордо мыйзамдын үстөмдүгүн, шайлоо мыйзамдарынын так аткарылышын камсыз кылуу. Байлардын депутаттык мандатты сатып алуу практикасына каршы мыйзам нормаларын киргизүү. Шайлоочулардын добушун сатууга каршы жана сатып алууга каршы нормаларды киргизүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө. Партиялык тизмени бизнеске айланткан партия лидерлерине каршы кылмыш беренелерин иштеп чыгып, аны ишке ашыруу. Депутаттык мандатка талапкерлердин мыйзам чыгарууга жөндөмдүүлүгүн, мекенчилдигин, мамлекетчилдигин текшере турган тесттерден өтүү талабын практикалоо сыяктуу толгон-токой чараларды көрүү зарыл. Ошого саясый эрк керек.

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу