БАШ эске түштү

— Баш кийимиӊди өйдө кой, деген сөздү балалык кезде өтө көп угуп чоӊойдум.  Өзгөчө атабыздын баш кийиминин төмөн жакта туруп калышы кечирилгис эле бизде.

Мен чоӊ атамды көрбөй калдым. Бирок анын иштеген чакан устаканасын, кийген чепкенин, кийген баш кийимдерин таанып өстүм. Баарынан да чоӊ атамдын жаман көрпө тебетейин азыр да эстейм. Ооба, мен – элине кочушу менен тегиз буудай бөлүп берип, баарына тегиз караган башкарма чоӊ атанын кызымын. Бирок чоӊ аталар башкарма болбосо дагы үй-бүлөдө, бир урууда, бир айылда орду БАШКАРМАДАЙ болот. Орустар бизге аяз атаны канчалык чоӊ ата деп тааныткысы келбесин,  биз – сакалына кебез чаптаган чоӊ аталарды эмес, чыныгы ак сакалы жайкалган, кебинен сөөлөтү көрүнгөн, башында калпагы, тебетейи бар асыл чоӊ атаны таанып өскөн кыргыз балдарыбыз.

Чоӊ атамды сагындым. Алар ар дайым эл башы болгон. Алардын орду бөлөк. Эл башы десе кечээги өлкө башчысынын эски жылды жыйынтыктаган маалымат жыйыны эске түшүп кетти. Социалдык тармактар түрдүү пикирлерин жаадырып эле олтуруп калышты. Билими бары деле, мага окшош чала сабат бирөөсү деле сүйлөп, сын тагып, кыйынсынып… Албетте, ар бир адамдын өз пикири өзүнө баалуудур. Бирок өлкө башчысын досундай Соке… Сооронбай… деп эле сенсиреп жазышкандар бир аз ойго салат.

Мен – балдарыма «БИЗДИН ПРЕЗИДЕНТ» деген сөздү кайталатуудан тажабаган жаш энемин. Ал адам менин элимдин «БАШКАРМАСЫ» . Менин өлкөмдүн ХАНДЫК тактысында олтурган адам, ким болбосун МЕНИН ПРЕЗИДЕНТИМ! Мен аны сыйлоого милдеттүүмүн. «Өсөр эл өзүн сыйлайт», -дейт журт жакшылары. «Өз агаӊды агалай албасаӊ, өзгөнүн эшигин сагалайсыӊ», — деп жемелейт андан ары кеп сөзгө келбеген кемчонтоюн, кыргыз.

Бүгүн жөн-жай БАШ эске түштү. Башчылар, башкармалар эске түштү. Эзелтен эл башы-аталар болгон, чоӊ аталар болгон. Анан ошол чоӊ аталар калыс, көрөгөч, иш билги, эр жүрөк, баатыр, намыстуу кадамдары менен эл башкарып, улуу журтка ЧЕП болуп келгенине тарых күбө, эл күбө.

Биздин өнүгүүбүз баары бир өзөгүбүздө, өзүбүздө, башыбызда…  Атанын БАШ КИЙИМИН бийик жерге коё билген тарбиябызда…

Булак: Марал 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу