Башпрокуратура менен УКМК эми Манас Арабаевдин «маңкасын» чубалтабы?

Жумушчу топ президенттин аппаратынын мурунку жаңжалдуу бөлүм башчысынын ишмердүүлүгүн изилдешет. Бул тууралуу vesti.kg сайты жазып чыкты.

маалыматка караганда, Башпрокуратура УКМК коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери менен бирдикте сот процесстерине киришип, басым жасаган жана сот системасынын кадр маселелеринде мыйзамсыз чечим чыгарган президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулугу бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаевдин жана башкалардын ишмердүүлүктөрүн текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Бул туурасында аты аталган сайтка Медиа Полис Институту билдирген.  Мекеменин маалыматы боюнча, текшерүүгө 2018-жылдын 17-апрелинде депутат Тынчтыкбек Шайназаровдун Жогорку Кеңештин отурумундагы билдирүүсү жана Бишкектин Ленин райондук сотунун мурдагы төрагасы Максуда Оморованын билдирүүлөрү себеп болгон. Тактап айтканда, жогоруда көрсөтүлгөн адамдар соттордун ишине президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Манас Арабаев жана УКМК кызматкери Алмаз Маткасымовдордун киришип, басым көрсөтүшкөндүктөрүн конкреттүү фактылар менен көрсөтүшкөн. Бул  Медиа Полис Институтунун билдирүүсүндө айтылган.

Ошентип, келме-кезек кайтарымдуу дүйнөсү соттордун Кудайы аталган Манас Арабаевге жетти окшойт. Манас Арабаев буга чейин соттордун соту болуп, бир нече саясачыларды «саясый буйрук» менен темир тор артына тыктырып келген.

Эми, Башпрокуратура УКМК коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери менен бирдикте, бир нече саясатчылардын каарына калган Манас Арабаевдин «маңкасын» чубалта турган кез келди окшойт.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу