БАШКЫ ПРОКУРАТУРА “МАНАС” АБА МАЙДАНЫНА БАРЧУ ЖОЛГО КОЮЛГАН ЖАРЫК БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОДУ

Өлкөнүн башкы көзөмөл органы эл аралык “Манас” аба майданына барчу жолго коюлган жарык боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин өкүлдөрүнө  кылмыш ишин козгоду.

Андагы маалыматка таянсак, аталган мекеменин кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 6 миллион 324 миң сом зыян келтирилген.

Башкы прокуратура «Манас» аба майданына барчу жарыктандыруу боюнча жол тилкесин жарыктандыруу боюнча электр жабдууларын сатып алууда аталган мекеменин өкүлдөрү тандоонун эрежелерине туура келбеген учурларга карабай “А.Т.” ЖЧКсы менен 74 миллион 996 миң сомго келишим түзгөн.

Ошол эле учурда буга чейин макулдашылган долбоорго ылайык келбеген иштер аткарылганына карабай ал тийиштүү актылар менен кабыл алынган. Ошентип подрядчиктин эсебине негизсиз түрдө 84 миллион 865 миң сом которулган. Аныгында келишим боюнча мындан аз суммалык иш аткарылган-деп билдирет өлкөнүн башкы көзөмөл органы.

Башкы прокуратура 2,7 чакырым жерди жарыктандырууда дагы эреже бузуулар аныкталганын, жарык жолдун ортосуна гана коюлганын, ал эми эреже боюнча жарыктандыруу жолдун эки капталына коюлганын, 2016-жылы 7-декабрда жолдун жээгине кабелдерди орнотуу үчүн жерди кол менен казуу боюнча кошумча келишим түзүлүп, иштер техниканын күчү менен ишке ашкандыгын кошумчалайт.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу