Башкы прокуратура: Бакиевдин коррупциялык аракеттери териштирилип жатат

Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарындагы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жана анын жакындарынын Кыргызстанга келиши мүмкүндүгү тууралуу кабарлар боюнча билдирүү таратты.

Көзөмөл мекемеси мурда козголгон кылмыш иштеринин алкагында 2010-жылы 7-апрелдеги окуялардагы адам өлтүрүү, коррупция жана мүлктү басып алуу фактылары боюнча Бакиевдерге карата сот өкүмдөрү чыкканын эскертет.

Билдирүүдө буга улай учурда Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башка фактылар боюнча коррупциялык ишмердүүлүгү боюнча териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилери айтылат.

“Эгер Бакиевдер, анын ичинде бир туугандар Адилбек, Марат, Каныбек жана башкалар Кыргызстандын аймагына келсе же алардын азыр жүргөн жерлери аныкталса, ыкчам-тергөө чаралары көрүлүп, жазасын тартууга мажбурланат”, — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

2005-жылы Кыргызстандын президенти болгон Курманбек Бакиев 2010-жылдагы ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан. Уулу Максим Бакиев Британияда жүрөт.

Апрель окуясы боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Курманбек Бакиевди 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу