БАТУКАЕВДИ БОШОТКОН СУДЬЯ ДАГЫ ДЕЛЕ ИШТЕП ЖАТАТ

Бүгүн ЖКнын жыйынында Азиз Батукаевди бошоткон сот кайрадан иштеп жатканына депутат Тынчтык Шайназаров нааразы болду. Депутат учурда Ж.Эрматов кызматынан көтөрүлүп, Бишкек шаардык сотунда иштеп калгандыгы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келеби деген суроо менен Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаевага кайрылды.

Жогорку Соттун төрайымы бул маалымат туура эмес экенин белгиледи.

“Азиз Батукаевдин ишин караган сот Нарындын райондор аралык сотунда иштеп жатат. Ал мыйзамга ылайык тандоодон өтүп, президент аны бекиткен”,-деди ал.

Шайназаров буга нааразы болуп Батукаев учурда издөөдө экенин айтты.

“Башкы прокуратура аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иштеп жатат. Сотторду тандоо кеңешинде 24 адам отурат, алар каякты карап жатышты эле? Жогорку Сотчу? Бул жерге президенттин кандай тиешеси бар? Бул судья эмнеге дагы эле соттук системада иштеп жатат?”-деди ал.

Айнаш Токбаева мыйзам боюнча Жогорку Сот дагы башка судьялар дагы сотторду тандоого кийлигише албай турганын айтты.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу