Баткен: 5 прокурор убактылуу кызматтан алынды

Баткен облусунун прокурорунун 2 орун басары, облустук прокуратуранын 2 бөлүм башчысы, Баткен районунун прокурору убактылуу кызматтан алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Бул Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу тергөө иштеринен улам болду. Кызматтан алуу чечими башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун прокуратуранын жамааты менен өткөргөн жабык жыйында кабыл алынды.

Анда Баткен облусуна прокурордун милдетин аткаруучу болуп Ороз Бердибаев  дайындалды. Ошондой эле жогорудагы бошогон 5 кызматка тиешелүү кызматкерлер белгиленди.

Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп каза болду. Бул боюнча 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү катары Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалган. Ошондой эле маркум менен аңчылыкта чогуу жүргөн 6 прокурор сурак берип жатат.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу