Баткенде өз кызын зордуктап, боюнда кылган ата сөрөй акыры Россиядан кармалды.

Баткен облусунда өзүнүн кызын зордуктоого шектелген 45 жаштагы адам 19 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Турмуш басылмасынын аймакатык кабарчысына өздүк булактары билдиришкен.

Эсиңиздерге сала кетсек, биз NazarNews.kg биринчилерден болуп бул окуяны эл алдына алып чыкканбыз. Маалыматка караганда, ал 2018-жылдын 28-майында Баткен райондук соту тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча күнөөлүү деп табылып, 19 жылга эркинен ажыратылды. Бирок бул чечимге жабырлануучу кыз тарап облустук сотко апелляциялык даттануу менен кайрылган. Даттануу облустук сот тарабынан 5-июлда каралып, айыпталуучу 20 жылга эркинен ажыратылды.

Окуя тууралуу: 2016-жылдын август айында Баткенде өзүнүн атасы зордуктаганы айтылган 16 жаштагы кыздын апасы К.Асылкан Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына окуя тууралуу айтып берген. Анын айтымында, 2015-жылдын март айында бутуна протез койдуруу үчүн Бишкек шаарына кеткен (сөөгү рак болуп ооруйт). Анын жоктугунан пайдаланган күйөөсү кызын зордуктаган. К.Асылкандын айтымында, «Күчүктү талаага таштап келебиз» деген күйөөсү кызын унаасына салып, талаага алып барып, унаанын ичинде зордуктаган. Күйөөсү кызын «бирөөгө айтсаң өлөсүң» деп коркутуп, 2 жыл бою зордуктап жүргөн. Кийин мектептен кызды кургак учук оорусу боюнча текшерүү учурунда анын 6 айлык боюнда бар экени жана ден соолугу начарлап кеткендиги аныкталган. Ага сиңдиси телефон менен байланышып: «Кызыңдын боюнда бар экен, кимден деп сурасак «атамдан» деп жатат», — деп айтат. Өзү кызынан сураса чынында ошондой экендигин тастыктаган.

Андан кийин К.Асылкан окуяны күйөөсүнүн туугандарына билдирген. Кайын энеси кош бойлуу небересин Тажикстандын Худжант шаарына алып кетип, кыз ал жактан 7 айлык кыз төрөйт. Наристе төрөлгөндө аман-эсен төрөлүп, бирок аз убакыттан кийин чарчап калган. Наристенин сөөгүн Баткенге алып келишип, кайын атасы (кыздын өзүнүн чоң атасы) көмүп келген. Зордукталган кыздын апасы күйөөсүнүн үстүнөн укук коргоо органдарына кайрылып, мыйзамдын негизинде чара көрүүнү суранган. Бул учурда кыздын атасы Россияга кетип калгандыгы айтылган. Кызын зордуктаган ата Россиядан кармалган: Андан кийин 2018-жылдын 22-майында кызын зордуктоого шектелип, издөөдө жүргөн адам Россиядан кармалгандыгы белгилүү болгон.

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары Арстан Усанов билдирген болчу. Анын айтымында, шектүү адам кылмыш иш козголгон убакта Россияга кетип калган. Андан кийин ал Россиянын укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте көрүлгөн аракеттердин негизинде кармалып, Баткен шаарына алынып келген. Ал учурда кылмыш ишти тергөө аяктап, соттук кароого жиберилген болчу.

Булак: «turmush.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу