Баткенде кыргыз-өзбек биргелешкен ишканалары курулат

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Калмурзаев маалымдады. Анын айтуусунда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара бекеттеринде каттамды жеңилдетүү менен эки элдин ортосундагы мамилени жакшыртып, жеке ишкерлерге шарт түзүү каралууда:

— Өзбекстан тарап бизден Ак-Турпактын күрүчүн экспорттообузду сурап жатат. Бул биз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Анткени өткөн жылы 5 миң тонна күрүч алганбыз, быйыл андан кем эмес түшүм алабыз деп турабыз. Биз чек ара аймагында кыргыз-өзбек биргелешкен ишканаларын ачууну сунуштадык. Бул сунушту өзбек тарап кабыл алды. Азыр ушул аймактан биргелешкен ишканаларды ачуу боюнча жер караштырып жатабыз.

Калмурзаевдин маалыматы боюнча, өзбек тарап Ак-Турпак күрүчүн, Сүлүктү көмүрүн, Лейлек районунун аймагындагы кварц кумун жана Баткен өрүгүн сатып алууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошол эле учурда Өзбекстандын пахта кездемелерин, кийимдерин кыргыз тарапка чыгарууну сунушташкан.

2-октябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Вадил жана Кадамжай чек аралары ачылган.

Чек аранын ачылышы салтанат менен коштолуп, Баткен жана Фергана облустарынын башчылары жолугушкан.

Баткен облусу Өзбекстандын 3,7 млн калкы бар Фергана облусу менен чектешет. Аймакта эки өлкөнүн 4 авто жол жана 1 темир жол чек ара бекети бар.

Учурда «Кызыл-Кыя» авто жол жана «Өзбекстан» авто жол чек ара бекеттерин да ачуу маселеси каралууда.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу