Басылмаларга «басымдар» башталдыбы?

Кыргызстанда көптөн бери сөз эркиндигине өз салымын кошуп, карапайым калктын кадырын көтөрүп, калканыч болуп, коррупциялык бийликке кылыч болуп сайылып, чындык дегенден чыркырап келе жаткан “Ачык саясат плюс” гезитине “тор” жайылып, анда саясаттын эти же чели эмес, кун тийген жердин күкүгү болуп, улам бир бийликтин арыгын чаба берген, куудул депутат Кожобек Рыспаев сотко берген эле. Экс менен азыркы президенттин араздашуулары кучөп турганда, коомчулук алар баштаган КСДПнын эртеңи эмне болоор экен деп турганын көбү эле жакшы билет. Мына ушул өңүттө гезит, Рыспаевдин көшөгө артындагы түрдүү “оюндарын” эстеп, ал турсун ошол учурдагы партиялык ар кандай аракеттерден улам “Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту” деген макаласын жазган экен. Мында канчалык теригүү же актануу бар экенин, кадыры канчалык экенин ит билсинби, айтор басылманы сотко берип өзүнүн кадырын 1 миллионго баалаган. Сөз эркиндиги дегенди уруп койбогон азыркы соттор, адилеттикти артка түртө туруп, эркин басылманы депутат Рыспаевдин пайдасына 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендириптир.«Ачык саясат плюс» гезитинин жетекчилиги Бишкектин Октябрь райондук сотунун ал чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылаарын айтышууда. Басылманын башкы редактору Назгул Мамытова ишти караган райондук соттун судьясы Майрам Дуйшембиева адилеттик чечим чыгарган эместигин айтууда. Коомчулукта бул иштер тууралуу депутат Кожобек Рыспаев турдуу сындарга кабылып, эркин басылманы бийликке жагынып жаптыруу амалын көрүүдө деген сындарды жаадырууда. Эскерте кетсек, Кыргызтандын тарыхында бир дагы саясий чиновник эркин басылмаларды сотко берип кадыр барк күткөн эмес. Алардын алды тетирисинче бир топторунан кечирим сурап, туура эмес кылышканын моюнга алышканы да көп кездешет. Булардын ичинде президенттер да дагы бар.                                                                                                                                                                                            Булак факты kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу